Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Рыспай Абдыкадыровдун небереси Насип Россиядагы сынактарда алдыңкы орундарды алган

Акыркы жанылыктар

TurmushБелгилүү обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун жээн небереси Насип Мырзалиев келечекте таятасынын ырдалбай калган ырларын ырдап, эл алдына алып чыгуунун үстүндө иштеп жатат. Ал учурда Россиянын Москва шаарында жашап, иштеп жатканын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

  • Р.Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Кара-Кулжа районунун Кыз-Булак айылында туулган. Ал 1994-жылы 12-сентябрда узакка созулган оорудан каза болгон.

Насип Мырзалиев Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында 1995-жылы 25-мартта төрөлгөн. Алты бир туугандын экинчиси. Бир туугандардын үчөө кыз, үчөө уул. Атасы Жылкычы Мырзалиев, апасы Гүлжамал Абдыкадырова да ырга жакын.

Анын айтымында, чыгармачылыкка 3-4-класстарда окуп жаткан кызыгып баштаган. Ал эми комузда кол ойнотуп, ырдаганды мектептеги агайынан үйрөнгөн.

«Чыгармачылыкка кичинекейимден эле кызыгып, тойлордо ырдачумун. Апам «сен кичинеңде көзүңө көрүнгөн нерселерди кармап алып, чиңгил-чиңгил комузум деп эле үнүңдү созуп ырдап, комузга аябай кызыкчусуң» деп айтып калат. Менин шыгымды, талантымды ата-энем жашымдан байкап, ошого жараша колунан келген жардамдарын берип келген. Айылдагы тойлорго кошо ала барып, ал жерде ырдатат эле. Атам да, апам да таланттуу, ырга жакын адамдар.

Ал эми комузда кол ойнотуп, ырдап калышыма агайым түрткү болгон. Бизге музыка сабагынан берген Бакыт деген агайым бар эле. Бир күнү мектепте комуздан ийрим сабагын ачты, ошол ийримге барып калдым. Агайдан ырдаганды дагы, комуз черткенди дагы үйрөндүм. Андан кийин Кара-Кулжанын борборундагы Ш.Жээнбеков атындагы лицейде окудум. Лицейдин директору Абдрасул агай биздин тууганыбыз болчу. Мени ошол кезде айылдык мектептен чыгарып, таланттуу балдар интернат-лицейине 7-классымда которду. Анткени агайдан мени лицейден билим алса деген сунуштар болду. Ошентип лицейде окуп калдым. Көрсө, ал жер атайын райондун ар кайсы мектептеринен тандалып алынган мыкты окуучуларды кабыл алган мектеп экен», — деди ал.

Жаш таланттын айтымында, Рыспай Абдыкадыровдун небереси болуу чоң жоопкерчилик.

«Айылда Рыспай атанын небереси деп баары эле билет.Р.Абдыкадыровдун небереси болуу чоң жоопкерчилик, бир жагынан сыймык», — деди ал.

«Көзүм өткөндөн кийин 10 жыл күтөм…»: Рыспай Абдыкадыровдун өкүнүчү, акыркы күндөрү жана ушактар

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE