Рухий-Мурас 2 жаңы конушундагы чырдан улам бейбаштыкка шектүү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Рухий-Мурас 2 жаңы конушунда жер талаштан улам келип чыккан чыр-чатак учурунда тургунду сабаган шектүү кармалды.

Облустук милициядан билдиришкендей, социалдык тармактарда Рухий-Мурас 2 жаңы конушунда тургундардын ортосунда жер талаштан улам чыр чыккан видео тараган.

Бул маалыматты текшерүү учурунда 2024-жылдын 25-августунда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1995-жылы туулган Т.У. кайрылып, 25-августта белгисиз адамдар анын Рухий-Мурас 2 жаңы конушунда жайгашкан жер тилкесинде курулуш иштерин жүргүзүп жатышканын аныкталган.

Арыз ээси 1994-жылы туулган жаран Р.И. анын денесине себепсиз залал келтиргендигин көрсөткөн. Бул факт РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Пример HTML-страницы

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жер тилкеси жаран Т.У.га таандык экени аныкталган. 2020-жылдын 29-январында ал жаран К.Ы.дан 5000 долларга сатып алган. Кийинчерээк бул жер тилкеси башка адамга таандык экени, жаран К.Ы. Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин тергөө материалдары маңызы боюнча кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлдү. Учурда кылмыш иши каралып жатат.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, бейбаштыкка шектелип 1994-жылы туулган жаран Р.И. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️