Россиялык туристтер Ысык-Көлдөгү пляждын чечинүүчү жайларына таң калышты

Акыркы жанылыктар

TurmushРоссиядан келген туристтер Ысык-Көлдөгү пляждын чечинүүчү жайлардын ички жабдууларына таң калышты.

«Биз бир нече жылдан бери Ысык-Көлгө келебиз. Бул жердин көлү, тоолору, адамдары, жаратылышы абдан жагат. Акыркы жылдары Чолпон-Ата шаарынын пляждары бир топ жакшырды. Кийим алмаштыруучу кабиналар көп коюла баштады. Бирок аларда кармагычтар, отургучтар, жада калса сүлгү жана кийим илгичтери жок. Куруп жаткандар өздөрү ошол жерге кийим алмаштырып көрдү бекен? Ичинен акробатика менен машыкканга туура келет. Бир буту менен тең салмактуулукту сактап, суу купальникти чечип, андан кийин үстү жагына элдин баарына көргөзүп жаябыз. Ал эми санаторийге мүмкүнчүлүгү чектелген кары-картаңдар көп келишет эмеспи. Алар акробатика менен кантип алектенишет?», — деп эс алуучулар нааразы болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️