Пример HTML-страницы

Россияга апасынын жанына барып, кыйынчылык көргөн Роза Ганиеванын ийгиликтери

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Роза Ганиева. Ал Россиянын Москва шаарындагы компаниялардын биринде башкаруучу кызматта иштейт. 4-класстан бери аталган өлкөдө жашап жаткан Роза жүрөгү дайым мекен деп согорун айтат.

«Мен 2002-жылы 21-ноябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Октябрь айылында төрөлгөм. Ошол жакта №9 И.В.Мичурин атындагы орто мектебинен 4-класска чейин билим алдым. Апам андан 3 жыл мурун Москвага иштегени кеткен. Ошол кезде апама болгон сагыныч жана кусалыкты сөз менен айтып жеткире албайм. Андыктан азыр мигранттардын Кыргызстанда калган балдарынын абалын жакшы түшүнөм. Апам кара жанын карч уруп иштеп жүрүп, 3 жылдан кийин 2012-жылы мени алып кетти. Ошондон бери Москвада жашап келебиз. Мектепте окуумду Москвадан улантып, жегиликтүү жашоого аралаша баштадым. Бирок көнүп кетүү кыйын болду. Кыргызстанымды, айылымды, таенемди сагындым, үйгө кетким келди. Айлана-чөйрө баары чоочун, баары меники эместей сезилди. Москвадагы кыйынчылыктар, оор турмушту апам менен бирге сезип, түшүнүп жаттым» — деди ал.

Апасы Жамила Нишанбаева Роза аны менен бирге көп кыйынчылыктарды көргөнүн айтат.

«Ошол учурда бир топ жумушта иштеп, эртели-кеч кызыма көңүл бура албай жүрдүм. Менин бир кетирген катам ошол болду деп ойлойм. Кызыма жетишерлик энелик мээрим, сүйүү бере албай калдымбы деп ойлоп, акыры дайым жанымда алып жүрүүнү чечтим. Батирде жашасаң, улам көчмөйүбүз бар эмеспи. Батирден батир алмаштырып, ага кошулуп мектеп да жаңыланып… Улам мектепти алмаштыра берсең да, баланын психикасы жабыркайт экен. Москвада өз үйүң болбосо, ар кандай кырдаалда болуп калышың ыктымал. Ошентип, 2016-жылга чейин үч мектеп котордук. Бирок ошого карабай кызым зиректигин көрсөтүп, мектепти ийгиликтүү аяктады. Анан өзүнүн тандоосу менен 9-класстын базасында Синергия колледжинин туризм жана меймандостук тармагына тапшырып, ал жакта 3 жыл билим алды», — дейт ал.

Роза Ганиева аталган окуу жайды 2019-жылы ийгиликтүү аяктаган соң, билимин тереңдетүү үчүн ар кыл курстарга катышканын айтат.

«Мектепте дагы, колледжде дагы коомдук иштерге активдүү катыштым. Бий ансамблин түздүк. Көптөгөн ийримдерге катышып, курдаштарымды жана менден кийинки жаштарды сергек жашоого үндөп жүрдүм. Ар кандай сынактарга, фестивалдарга катышып лауреат болдум. Анын ичинен 2021-жылы Россиядагы кыргыз кыздардын арасында өткөн сулуулук сынагында алдыңкы орунду жеңип алдым. Биздин Россиядагы элчилик тарабынан ардак грамота, ыраазычылык каттары менен сыйланып жүрөм», — деди ал.

Жамилия айым мекенден алыс өскөн уул-кыздар кандай болорун жана аларга кандай тарбия берүү керек экенин айтты.

«Балким, мындай ийгиликтери өзү үчүн кичинекей эле нерсе болгондур. Бирок мен үчүн кызымдын ийгиликтери абдан маанилүү. Ар бир жеңишине көзүмө жаш алып, сыймыктанып жүрдүм. Жашоодо мындай сынактардан дагы бийик нерселер бар экенин мага дайым айтып келет. Кызым Кыргызстанда өсүп-чоңойбосо да, биз бул жерде мигрант экенибизди, кыргыз экенибизди дайым эске салып келем.

Эки элдин ортосунда, бөтөн өлкөдө өскөн жеткинчектер эли-жерине, тилине күйбөй калышат экен. Мындан улам кызыма кыргызча сүйлөп, накыл-кептерди, макалдарды айтып, каада-салтыбызды түшүндүрүп турам. Мында нерсенин үстүнөн иштеп, алдын алып турбасак, жаштар чын эле жашаган коом менен кошо кете берет. Акыр түбү өз мекенбизге эле кетебиз деген ой дайым жүрөктө жашап келет. “Туулган жердин топурагы алтын” деген сөз бекеринен айтылбаганын, биз мигранттар жон терибиз менен сезебиз. Эмгектенип жаткан өлкөнүн жакшы жактарын алып, үйрөнүп барсак дейм. Биздин өлкө дагы Россиядай болуп, дүркүрөп өнүксө деген изги тилегим бар. Москвада жергиликтүү жаштар такыр башка, чоочун менталитет. Андыктан чет өлкөдө бала кезинен өсүп же төрөлүп калган кыргыз жаштарын улуттук баалуулуктар менен тарбиялоо зарыл.

Кыргыз кайсы жакка барбасын, кыргыз бойдон калышы керек. Өлкөбүз өнүгүп, мигранттар үйлөрүнө кайтып, балдарыбыз Ата Мекенге барып кызмат кылса, мен үчүн ошол чоң бакыт. Ал эми кызым талыкпаган эмгегинин үзүрүн көрүп, жергиилктүү компаниялардын биринде башкаруучу кызматтарга чейин көтөрүлдү. Кудайга шүгүр, өз чөйрөсүнөн кадыр-барк тапты. Учурда кызым бойдок, татыктуу күйөөгө жолукса деп тилек кылып жатам», — деп сөзүн жыйынтыктады Жамила Нишанбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE