Россиядан Жети-Өгүздөгү кичи мекенине кайтып келип, чакан бизнесин башташкан жубайлар

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Светлая-Поляна айылындагы жубайлар — Тилекмат Мамытканов жана Нурай Айдарбек кызы заманбап боз үй жасоого өтүшкөн.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жаш жубайлар бул идея кандайча пайда болгонун айтып беришти.

«Мен үйдө 3 бир туугандын тун уулумун. Менден кийин 2 карындашым бар. Биз эл катары Москвага барып, иштеп келдик. Ал жакта иштеп жүргөндө келинчегим экөөбүз «айылдан эле ийгиликке жетүүгө эмнеге болбосун» деген ойго кептелип, ата-энебиздин жанына келдик.

Ата-энем кыргыздын нукура жашоосун чет элге таанытып, этно үй куруу демилгесин көтөрүштү. Үй курууга жер да издеген жокпуз. Өзүбүз жашаган үйдүн жанына 2 кабаттуу кыштан үй тургуздук. Ичин жыгач менен каптап, короодогу тал-теректерди пайдаландык. Баары шыр кетти. Идеялар биринин артынан экинчиси келе берди. Мен дубалды саман менен шыбап, сыртын лактадым. Жубайым Нурай бакчадан кыйып келген талдар менен ички жасалгаларды жасап, терезе пардолорду тиге баштады. Мурунку шам-чырактарды, чүкөлөрдү айыл аралап чогулттук. Ошентип, 2 жыл дегенде бүтүрдүк. Отургучтарды үйдөгү тактайлардан эле жасап, ыңгайлатып коюп койдук. Керебеттин буттарына аркан ородук. Кыскасы баарын өз колубуздан чыгардык», — деди Тилекмат.

Ал эми Нурай Айдарбек кызы демилге берип, колдогон кайната жана кайненесине ыраазы экенин билдирди.

Пример HTML-страницы

«Жолдошум аракет кылып, ата-энебиздин сунушун аткарууга далалат кылып жатса, мен карап отура алган жокмун. Ойлонуп, жыгачтан түрдүү кооз нерселерди жасай баштадым. Дубал бетине илинүүчү панолорду жасап, эшиктин туткаларын кармагыч кылбастан кыл арканды эшип жасадым. Үйүбүз жыгач жыттанып эле калды.

Биздин максат — чет элдиктерге кыргыздын нукура жашоосун көрсөтүү. Ошол себептен четтен келген эс алуучуларды тособуз. Алар менен чет тилинде эркин сүйлөшүп, түшүндүрүп берем. Анан да алар кыргыздын улуттук тамактарын сурашат. Аны өз колум менен жасап берем. Үй-бүлөбүз менен кыргыздын нукуралуулугун бир катар өлкөгө таанытууга аракет көрүп жатабыз», — деди.

Тилекмат 35 жашта болсо, Нурай 30 жашта. Алар 2 баланы тарбиялап келишет. Келечекте өз короосуна боз үйлөрдү тигип, чакан кыргыз шаарча түптөөнүн үстүндө иш алып барышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️