Россиядан Баткенге келип, кыргыз жигитине турмушка чыккан орус кыз (видео)

Turmush71 жаштагы Любовь Исакова 1970-жылы Россиядан Баткенге мугалим болуп келген. Turmush басылмасынын аймактык кабарчы мугалим ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Баткенге келген кезде 21 жашта болчу. Ошол жылдары Россияда окуу жайды жаңы аяктаган Любовь Исакова менен бирге дагы 35 мугалим келген. Арадан 2 жыл өтүп ал кыргыз жигитке турмушка чыккан. Баткенде өткөргөн өмүрүн эл агартууга арнаган. Учурда жолдошу менен Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Адыр айылында жашайт.

«Анда баары биз үчүн кызыктуу болгон. Алгач Бишкекке алып келишти. «Кайсы жагына барасыңар?» деп сурашты. Алай району, Баткен району, дагы башка райондорду айтышты. Бизге баарыбир болчу, биз балдарды окутканы келгенбиз. 6 кыз Баткен районуна бөлүндү. Келе жатып какыраган бул талааларда адамдар кантип жашайт деп таң калганбыз. Айылдарга жеткенде үйлөр, бак-дарактарды көрүндү. Мен Баткендеги Кара-Токой деген айылга келгем. Баары жакшы тосуп алышты. Адамдары мээримдүү, кичипейил экен», — деди ал.

1970-жылы Баткен районунда билимдин деңгээли, мектептеги курал-жарактар орусиялык мугалимдин кыялындагыдай эмес эле. Мындай шартта Баткендеги балдардын билим жоюу ага оңой болбогонун белгиледи.

«Биз келгенде сыя менен жазышчу. «Шариктүү ручкалар сатыкка чыккан го. Силер эмнеге ошондой менен жазбайсыңар?» десек «Бизге буйрук чыга элек. Качан буйрук чыкса өтөбүз» дешти. 1 жылдай сыя менен жаздык. Анда ак штапелден ак көйнөк жана кара чыптама мектеп формасы катары кийишчү. Бизге аябай кызык көрүнгөн. Бирок көзгө жакшы көрүнчү. Бирдиктүү форма болгон эмес.

Бала бакчада да иштегем. Анда бала бакчада 2 жер төшөктөн башка эч нерсе жок болчу. Керектүү буюмдарды баарын ата-энелер менен жасаганбыз. Азыр ошол балдар ыраазычылыгын айтып, кабар алып келишет. Мага ошондон өткөн сыйлык жок», — деди мугалим.

Пример HTML-страницы

Каарманыбыз Кыргызстанга келген жылы жолдошу Мухамаджан Исаков аскерден жаңы келген. Алар Кара-Токой айылдагы маданият үйүндө концертте таанышкан.

«Маданий иш-чараларга түшүнбөсөк деле барып көрчүбүз. Кээде киного барчубуз. Ккыргыз тилиндеги концерттерге барат элек. Баарыбир бизге кызыктуу болчу. Жок дегенде бийлейсиң, музыка угасың. Биз ошол жакта таанышканбыз», — деди ал.

Орус кызына үйлөнөрүн уккан Мухамаджан Исаковдун айылдаштары аны менен мамилесин үзүп, сүйлөшпөй койгон. Бирок ал кеп-сөздөргө карабай экөө баш кошкон.

72 жаштагы аксакалды өзүнүн айтымында, азыр Боз-Адыр жана Кара-Токой айылдарынын эли аларга ыраазычылык билдирип, рахмат айтышат.

«Ошол учурда Кара-Токой, Боз-Адыр элинин баары мага каршы чыккан. Алардын иттери да кубалайт эле. Кишилер, кемпирлер көргөн жеринде каргап кубалачу. Эми азыр ошолордун баары «биздин айылдын эң алдыңкы келини Люба» дешет. Окуучулары баары рахмат айтып кетишет», — деди Мухамаджан аксакал.

Любовь Исакова Москва облусунун Азиори шаарында туулуп өскөн. Анын бир туугандары, апасы жана чоң апасы Кыргызстанда калуусуна каршы болушкан. Атасы гана кызынын эркине каршы чыккан эмес. Бир туугандары Россияга кайра чогуу кетүүнү суранышкан. Бирок ал кетүүдөн баш тарткан. Ошол мезгилде ал 1 кыздын энеси болчу. Ал ар бир туугандары менен карым-карташта болгон. Аны менен бирге Россиядан Баткенге бирге келген мугалим кыздар 2-3 жылда өз өлкөлөрүнө кайтып кетишкен.

Быйыл жубайлардын баш кошконуна 50 жыл толот. Экөө 2 кыз, 1 уулдун ата-энеси. 18 небере, 7 чөбөрөлүү болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️