Пример HTML-страницы

Россиядагы каргашада аман калган Айгүл Алибаева мекенине кайтып келди

Акыркы жанылыктар

TurmushРоссиянын Ульяновск облусундагы 14 кыргызстандык каза болгон жол кырсыгында аман калган Айгүл Алибаева Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Turmush басылмасына жакындары билдирди.

Алардын айтымында, Айгүл Алибаевага Ульяновскдагы ооруканада үч жерине оор операция жасалды. Анын абалы жакшырган соң ооруканадан чыгарылып, Кыргызстанга учуп келген.

«Жакшы болуп, ооруканадан чыккандан кийин 20-октябрда Кыргызстанга жөнөткөнбүз. Азыр Баткен шаарында, өзүнүн апасынын жанында. Айгүлдүн белине, акырегине жана бутуна операция жасалып, атайын темирден пластинка коюлду. Ал бир жылдан кийин сөөктөр калыбына келгенде алынат экен. Аны апасы, бир туугандары карап жатат», — деди алар.

Алибаева — аталган жол кырсыктан тирүү калган үч кыргызстандык жарандын бири. Ал 1981-жылы Баткен облусунун Баткен шаарында туулган.

Буга чейин Turmush басылмасына апасы Айтгүл Осмонова каргашалуу окуядан бир саат мурун кызы менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып берген.

«Окуядан бир саат мурда мени менен байланышкан. «Чек арада өтүп бүттүк, жолдо баратабыз» деген. Саат 13:10до кабарлашкан, батамды бердим. Мени менен сүйлөшкөндөн кийин 1 сааттан соң каргаша болуптур. Мен аны ошол күнү кечинде уктум. Күйөө балдарым ооруканага барып, кызымды көрүштү. Видеого тартып, сүйлөштүрүштү», — деген Айтгүл Осмонова.

Айгүл Алибаеванын үч баласы бар. Ал сегиз жылдан бери Россияда миграцияда жүргөн.

Видеону А.Алибаеванын жакындары тарткан.

Буга чейин аталган кырсыкта аман калган Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн тургуну Таалайбек Абдисалам уулу мекенине кайткан. Кырсыктын кесепетинен анын жубайы Диана Бекмурзаева каза болгон.

———————————————————

2022-жылы 21-августта Россиянын Ульяновск облусунун Николаев районунда жол кырсыктын кесепетинен 16 адам каза болгон. Алардын ичинен 14 киши — Кыргызстандын жарандары болчу. Андан тышкары 3 кыргыз жараны оор абалда ооруканага жеткирилген.

Кичи автобус Самара шаарынан Москвага бара жаткан. Россиянын Ички иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, кичи автобустун айдоочусу оңдолуп жаткан жолдон өтүү үчүн өз кезегин күтүп турган. Ошол учурда кичи автобусту аркасынан жүк ташуучу унаа сүзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE