Россияда иштеген ысык-көлдүк тургундар айылындагы борбордук көчөлөргө жол белгилерин орнотту

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТүп районуна караштуу Михайловка айылынын борбордук негизги көчөлөрүнө жол белгилери орнотулду.

Жергиликтүү тургун Эрнис Муканбетовдун айтымында, бул демилгени Россияда эмгектенген мигранттар колго алды. Жол белгилерин сатып алууга 40 миң сом сарпталды.

«Жайкы эс алуу мезгили башталганда Ысык-Көл айыл аймагына караштуу көл жээктерине эс алуучулар көп келишет. Жол кыймылы көп болгондон улам мындан 4 жыл мурун айылдашыбыздын уулун унаа сүзүп кетип каза болгон. Ушул маселеден улам чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештер демилге көтөрүп, айыл өкмөтү менен макулдашып, жол белгилерин орнотууну колго алдык. Борбордук Шевченко жана Ысык-Көл көчөсүнө түнкүсүн жарык чагылдыруучу эки тараптуу жалпы 16 белги орнотулду. Мындан сырткары жашоочулардын коопсуздугу үчүн ылдамдыкты азайтуучу дөңсө орнотууну да суранат элек», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️