Россия, Казакстанга экспорттолгон Ысык-Көлдүн карагаты канча сомго бааланууда?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында карагаттын сезону башталды.

Карагат чогултуп, чет өлкөлөргө алып кеткен соодагерлердин айтымында, быйыл мөмө мол болуп, баа арзан.

«Быйыл карагаттын 1 килограммын 150-160 сомдон алып жатабыз. Көбүнчө жергиликтүү сорттору келет. Чоң кичинесине жараша баасы 10 сомго айырма болот», — дешти соодагерлер.

2023-жылы карагаттын баасы 180 сомдон башталып, 200 сомго чейин алынган.

«Былтыр карагат гүлдөгөн кезде үшүк жүрүп, карагаттын тушүмү абдан аз болгон. Мындан улам баасы да көтөрүлгөн. Быйыл аба ырайы жакшы болуп, түшүм мол», — дешет тургундар.

Пример HTML-страницы

Чогултулган карагаттар Токмок жана Бишкек шаарына кетет. Ошондой эле Россия, Казакстанга экспорттолот.

«Каракол шаарына облустун бардык район-шаарларынан тургундар алып келип өткөрөт. Негизи Казакстан жана Россияда көлдүн карагаттары жакшы бааланат. Баалар ар кандай болуп калышы мүмкүн. Анткени чек арадан кандай өтүп жатканына жараша. Эгер жай өтсө, баалары арзан болуп калат», — дешет соодагерлер.

Кызыл карагаттын 1 килограммы 70-80 сомдон алынууда. Карагат менен катар алча алынууда. Быйыл алчанын да түшүмү мол болгондуктан баасы арзан. Мисалы, былтыр бир килограммы 80 сомго чейин жетсе, быйыл 20-25 сомдон алынууда. Ал эми барсылдак (крыжовник) 120 сомдон алынып жатат. Аз кездешкен кызыл түрү 10-15 сомго кымбатыраак.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️