«Росатомдун» Жумгалда уран калдыгы сакталган жайдан келе жаткан чоң унаасы ала салып кетти (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 2-сентябрь күнү таңга маал Жумгал районунун Миң-Куш айылында Туюк-Суу уран калдыгы сакталган жактан келе жаткан чоң унаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлады.

Маалыматка караганда, оор жүк ташыган «Хово» унаасы Туюк-Суудан келе жатып, Миң-Куш айылынын 16-аянчасындагы эски китеп дүкөндүн жанынан башкарууну жоготкон. алжергиликтүү тургундун чарбагын бузуп, көпүрөнүн тушунан оодарылып кеткен.

Унаада уран калдыктары бар же жок болгону азырынча белгисиз.

Айыл тургуну Раушандын (аты өзгөртүлдү) айтымында, ал күнү район жетекчилери мектептеги салтанатта болчу.

«Ошол күнү бардык мектептерге 1-сентябрга карата салтанаттар болуп жаткан. Биздин Крупская орто мектебинин аты которулуп, ага Баткен окуясында курман болгон Жеңишбек Иманбек уулунун ысымы берилди. Ал иш-чарага район акими, орун басары келишкен. Азыр айдоочу ооруканада экен», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Бул боюнча ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнүн башчысы Максатбек Жылдызев маалымат берүүдөн баш тартты.

Ал эми оорукананын директору Айнур Тентиева айдоочунун абалы орто экенин, эртең операция жасала турганын айтты.

ӨКМдин кийинчерээк берген маалыматына караганда, 2-сентябрь күнү Жумгал районундагы Туюк-Суу–Миң-Куш–Арал жолунун 2-чакырымында (Миң-Куш айылы) Туюк-Суу калдык сактоочу жайынан калдык ташып келе жаткан « Хово» үлгүсүндөгү унаа (атайын радиоактивдүү калдыктарды ташуучу унаа) жолдон чыгып кетип, эңкейиш жерге түшүп, токтоп калган.

Ал жерге куткаруучулардын ыкчам тобу, ИИМ кызматкерлери жана ишкананын кызматкерлери тартылган. Унаа токтоп калган жерде текшерүү иштери жүргүзүлүп, (дозиметр менен) калдыктар жерге төгүлбөгөндүгү жана эч кандай зыяндуулук жок экени аныкталган. Аталган унаадагы калдыктарды башка атайын унаага жүктөп алып кетишкен.

Учурда жол кырсыгынын себептери такталууда.





Буга чейинки кырсык:

Буга чейин 2024-жылдын 1-июнунда да Жумгал районунда оор жүк ташуучу унаа сайга кулаган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жүк ташуучу унаанын айдоочусу жогору чыгып бара жатканда рулду башкара албай калган. Унаа артка кетип, көпүрөдөгү тосмону бузуп, андан кийин дарыяга кулап түшкөн.

Кырсыкка байланыштуу Миң-Куш айылынын тургундары «Хово» жүк ташуучу унаасында рекультивация иштеринин алкагында «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайынан чыгарылып жаткан радиоактивдүү калдыктар болушу мүмкүн деп кооптонуп жаткандарын билдиришкен. Бирок жергиликтүү бийлик жүк ташуучу унаа бош экенин, андыктан кооптонууга негиз жок деп ишендиришкен.

Калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча иштерди Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте алып барып жатканы айтылган.

Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Казыбек Усупов кооптонууга негиз жок экенин билдирген.Кырсык болгон жерге жергиликтүү бийлик жана коопсуздук күчтөрү тартылган. Аталган унаа «Росатом» тарабынан иштеп жаткан.

————-

Эске салсак, 2024-жылы 1-августта Жумгал районунун Миң-Куш айылында «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иштери башталган.

  • Миң-Кушта төрт калдык сактоочу жай бар. Алар: «Талды-Булак», «Туюк-Суу», «Как» жана «Дальнее».

КМШга кирген мамлекеттердин аймактарындагы уран калдыктарын сактоочу жайлар менен байланышкан проблемаларды чечүү үчүн 2013-жылдан тартып «ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин уран казып алуу өндүрүшүнүн таасирине дуушар болгон аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык максаттуу программасы ишке ашырылууда. Бул программанын катышуучулары: Кыргыз Республикасы, Казакстан, Россия жана Тажикстан. Программанын алкагында Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча иш алып барууда.

Учурда «Талды-Булак» «Дальнее» калдык сактоочу жайына көчүрүлүп жатат.

Адистердин маалыматы боюнча, Миң-Куш айылындагы уран калдыктары сакталган жайлардын ылдыйында жер көчкү жайгашкандыктан, учурда эң кооптонууну жаратууда. Эгер ал жылып кетсе, Миң-Куш, Көкө-Мерен жана Нарын дарыяларына кошулган Туюк-Суу дарыясынын кууш өрөөнүн тосуп калат. Радиоактивдүү заттары бар калдык сактоочу жайдын бузулушу мүмкүн. Бул объектте (Туюк-Суу) жер көчкү жүргөн маалда калдык сактоочу жайды суу каптоо коркунучу менен байланышкан авариялык жана өтө жагымсыз табигый кырдаал түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️