«Росатомдун» жетекчилиги министр менен кошо Жумгалда уран калдыгы сакталган жайга келишти (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 10-октябрда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун орун басары Николай Спасский Миң-Куш айылында болуп, уран казылган аймактарда жүрүп жаткан рекультивациялык иштердин жүрүшү менен таанышты.

Маалыматка караганда, ӨКМ рекультивациялык иштерди активдүү жүргүзүп, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (АЭЭА) тарабынан белгиленген эл аралык коопсуздук стандарттарын сактоодо. Учурда Как жана Талды-Булак калдык сактоочу жайларындагы иштер аяктап, ал эми Туюк-Суу калдык сактоочу жайындагы иштер соңуна чыгып калды. Узак мөөнөттүү коопсуздукка жана экологиялык балансты калыбына келтирүүгө багытталган бул долбоор эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүлүп келет.

Ал эми Николай Спасский жетишилген прогрессти жогору баалап, Россия тарап бул демилгелерди колдоону улантууга даяр экенин ырастады.

Уран калдыгы жана унаа кырсыктар:

Буга чейин 2024-жылдын 1-июнунда Жумгал районунда оор жүк ташуучу унаа сайга кулаган. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жогору чыгып бара жатканда рулду башкара албай калган. Унаа артка кетип, көпүрөдөгү тосмону бузуп, андан кийин дарыяга кулап түшкөн.

Пример HTML-страницы

Кырсыкка байланыштуу Миң-Куш айылынын тургундары «Хово» жүк ташуучу унаасында рекультивация иштеринин алкагында «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайынан чыгарылып жаткан радиоактивдүү калдыктар болушу мүмкүн деп кооптонуп жаткандарын билдиришкен. Бирок жергиликтүү бийлик жүк ташуучу унаа бош экенин, андыктан кооптонууга негиз жок деп ишендиришкен.

Андан кийин 2-сентябрь күнү таңга маал Жумгал районунун Миң-Куш айылында Туюк-Суу уран калдыгы сакталган жактан келе жаткан чоң унаа кырсыкка кабылган. Оор жүк ташыган «Хово» унаасы Туюк-Суудан келе жатып, Миң-Куш айылынын 16-аянчасындагы эски китеп дүкөндүн жанынан башкарууну жоготкон. Ал жергиликтүү тургундун чарбагын бузуп, көпүрөнүн тушунан оодарылып кеткен. Унаада уран калдыктары бар же жок болгону белгисиз болгон.

Ал эми оорукананын директору Айнур Тентиева айдоочунун абалы орто экенин, ага операция жасала турганын айткан.

ӨКМдин кийинчерээк берген маалыматына караганда, 2-сентябрь күнү Жумгал районундагы Туюк-Суу–Миң-Куш–Арал жолунун 2-чакырымында (Миң-Куш айылы) Туюк-Суу калдык сактоочу жайынан калдык ташып келе жаткан «Хово» үлгүсүндөгү унаа (атайын радиоактивдүү калдыктарды ташуучу унаа) жолдон чыгып кетип, эңкейиш жерге түшүп, токтоп калган.

Ал жерге куткаруучулардын ыкчам тобу, ИИМ кызматкерлери жана ишкананын кызматкерлери тартылган. Унаа токтоп калган жерде текшерүү иштери жүргүзүлүп, (дозиметр менен) калдыктар жерге төгүлбөгөндүгү жана эч кандай зыяндуулук жок экени аныкталган. Аталган унаадагы калдыктарды башка атайын унаага жүктөп алып кетишкен.





  • Калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча иштерди Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте алып барып жатканы айтылган.

Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Казыбек Усупов кооптонууга негиз жок экенин билдирген. Кырсык болгон жерге жергиликтүү бийлик жана коопсуздук күчтөрү тартылган. Аталган унаа «Росатом» тарабынан иштеп жаткан.

———————————————————

2024-жылы 1-августта Жумгал районунун Миң-Куш айылында «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иштери башталган.

  • Миң-Кушта төрт калдык сактоочу жай бар. Алар: «Талды-Булак», «Туюк-Суу», «Как» жана «Дальнее».

КМШга кирген мамлекеттердин аймактарындагы уран калдыктарын сактоочу жайлар менен байланышкан проблемаларды чечүү үчүн 2013-жылдан тартып «ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин уран казып алуу өндүрүшүнүн таасирине дуушар болгон аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык максаттуу программасы ишке ашырылууда. Бул программанын катышуучулары: Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстан. Программанын алкагында Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча иш алып барууда. Учурда «Талды-Булак» «Дальнее» калдык сактоочу жайына көчүрүлүп жатат.

Адистердин маалыматы боюнча, Миң-Куш айылындагы уран калдыктары сакталган жайлардын ылдыйында жер көчкү жайгашкандыктан, учурда эң кооптонууну жаратууда. Эгер ал жылып кетсе, Миң-Куш, Көкө-Мерен жана Нарын дарыяларына кошулган Туюк-Суу дарыясынын кууш өрөөнүн тосуп калат. Радиоактивдүү заттары бар калдык сактоочу жайдын бузулушу мүмкүн. Бул объектте (Туюк-Суу) жер көчкү жүргөн маалда калдык сактоочу жайды суу каптоо коркунучу менен байланышкан авариялык жана өтө жагымсыз табигый кырдаал түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️