Пример HTML-страницы

Режиссёр Турсунбек Усенов жол кырсыктан каза тапты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushРежиссёр Турсунбек Усенов 73 жашында каза болду. Ал жол кырсыктан жаракат алып, кечээ, 3-июлда көз жумган.

Буга чейин Turmush кырсык 1-июнь күнү Токмок шаарына жакын жерде болгонун жазган. Анда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышкан.

Чүй ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунун 57-чакырымында «Хендай Грендер» үлгүсүндөгү унаасы «Вольво» үлгүсүндөгү унаа жолдун атайын кайрылма жеринен кайрылып жатканда артынан сүзгөн.

Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 2 жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен ооруканага тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген.

Ысык-Ата райондук дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунан билдиришкендей, ооруканага Б.О. аттуу жаран келип түшкөн.

Ал эми Чүй райондук ооруканасына жаткырылыган эки бейтаптын бири режиссёр Турсунбек Усенов болгон. Ал денесинен, башынан оор жаракат алган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 5-июлда «Кыргызфильм» киностудиясында өтөт.

Кийинчерээк Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2024-жылдын 1-июлунда саат 14:20 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунун 57-чакырымында 2002-жылы туулган А.Э.нин башкаруусундагы «Хендай Грандер» унаасы батыштан чыгышты карай бара жатып, 1984-жылы туулган Л.Х.нын башкаруусундагы «Вольво» унаасы кайрылып жатканда аталган жүк ташыган унаа менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын жүргүнчүлөрү — 1962-жылы туулган О.Б., 1983-жылы туулган А.Ж. жана 1950-жылы туулган У.Т. жаракат алып, Ысык-Ата жана Чүй райондук ооруканаларына жеткирилген.

Бул факт Ысык-Ата РИИБге катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. 2024-жылдын 3-июлунда Чүй аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндөгү бейтап У.Т. каза болгон.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE