Расулбек Садыков Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushСокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—акимдин биринчи орун басары болуп Расулбек Садыков дайындалды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын 2024-жылдын 31-октябрындагы 563-тескемесинин негизинде Сокулук райондук мамлекеттик администрациясыны башчысынын биринчи орун басары Адиев Капарбек Абдужалалович ээлеген кызмат ордунан башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу бошотулду.

Министрлер кабинетинин төрагасы А.У. Жапаровдун чечими менен Садыков Расулбек Төрөкелдиевич Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Расулбек Садыков бул кызматка дайындалганга чейин Военно-Антоновка айыл-өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Расул Садыков 1983-жылдын 16-февралында Сокулук районунун Ак-жол айылында төрөлгөн.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️