Пример HTML-страницы

Расулбек Арапов Ноокаттын Көк-Жар айыл аймактык кеңешине төрага болуп шайланды

Акыркы жанылыктар

TurmushРасулбек Арапов Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Кечээ, 20-февралда жаңыдан түзүлгөн Көк-Жар айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 33 миң 462 адам жашаган Көк-Жар айыл аймагы Көк-Жар, Найман жана Он-Эки-Бел айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Көк-Жар айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 58ге жетти: Көк-Жар кеңешинин 31 депутаты, Найман кеңешинин 11 депутаты жана Он-Эки-Бел кеңешинин 16 депутаты.

Найман айыл аймагынын кеңешинин учурдагы төрагасы Сатар уулу Асилбек жана Он-Эки-Бел айыл аймагынын кеңешинин учурдагы төрайымы Абдыкаимова Бүзайнап Абдимиталиповна өз каалоолору менен талапкерликтен баш тартуу жөнүндө арыз берген. Көк-Жар айыл аймагынын кеңешинин учурдагы төрагасы Арапов Расулбек Турганбаевич жалгыз талапкер болду.

Сессияга бириккен Көк-Жар айыл аймагынын 48 депутаты катышты. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 48 добуш алып, Арапов Расулбек Турганбаевич Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Ноокат районундагы административдик-аймактык реформа тууралуу бул шилтеме аркылуу окуңуз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE