Рахат Акжолтой кызынын Кореядагы жашоосу

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылынын тургуну Рахат Акжолтой кызы Кореяда жашайт. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маектешти.

Ал 1990-жылы төрөлүп, мектепти 9-класска чейин айылда окуган.

«Бишкекке келип, А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумун 2009-жылы ийгиликтүү бүтүрдүм. Аяктагандан кийин окуу жайда иштеп жүрдүм. Айлык акым аябай аз болгондуктан, эч нерсеге жетпей кайра ата-энемден акча алып жашаганга туура келчү. Алардан акча алгандан уялганымдан чет мамлекетке чыгып иштөөгө туура келди.

Ошол учурда мен иштеген ИИМдин Э.А.Алиев атындагы Академиясындагы кызматкерлерге корей тилин жумасына 2 жолу келип окутуп калышты. Кызматкерлер өз каалоосу менен катталып, окуса болот эле. Ошондон баштап, Кореяга болгон кызыгуум жаралды. Кудайдын буйругу менен Кореяга 2011-жылы келип калдым», — деди ал.

Учурда Түштүк Кореяда эмгектенет.

Пример HTML-страницы

«Жумуш жөнүндө айта кетсем, Кореяда башка өлкөлөргө салыштырмалуу мигранттарга карьералык өсүү өтө оор. Конкуренция күчтүү болуп, жакшы жумуш ордуларына корейлер өздөрү зар. Бирок албетте жөндөмү, шыгы жана жогорку окуу жайды бүткөн инсандар кайда болбосун ийгиликтерди жаратышат.

Өзүм дагы Кореянын ысык-суугунан өттүм десем болот. Заводдон баштап, бир нече кесиптин лицензиясына ээ болдум. Дизайнер-иллюстратор болуп иштеп көрдүм. Андан кийин чач тарач болуп иштеп, убактыма дагы, табитиме дагы туура келген жок. Ошентип азыр медицина жаатында 1 жылдык окуу курсунун лицензиясын алып, стомотологияда ассистент болуп иштеп жүрөм», — деди ал.

Жарандарынын ой жүгүртүүсү биздикинен өзгөчөлөнүп турат.

«Корея жөнүндө жакшы жактарын айта берсең өтө көп. Бирок ошол эле убакта терс жагы дагы бар. Бул жакта атаандашуу аябай күч. Мисалы кымбат баалуу кийим, аксессуар, жашаган район, кызматтык орун, окуу деңгээлдин аркасынан кубалап жатышып, депрессияга түшүп кетишет. Мунун кесепетинен суицид болгондор өтө көп. Андыктан балдарынын келечегине аябай даярданышып, курстарга, репетиторлорго көп акча сарпташат. Ошондуктан балалуу болгондон коркуп, балалуу болбой жүрө беришет.

Корейлер менен кыргыздардын окшоштуктары өтө эле көп.

«Конок келсе дасторконуна баарын коюп коноктошот. Белек алса сөзсүз кайра белек беришет. Алар дагы бизге окшоп, «Эл эмне дейт» деп намыстанып жашашат. Бул жакта адамдын жүзүнө аябай көңүл бөлүшөт. Сөзсүз эле сулуулугуна гана эмес, билимине, кийген киймине, турган-турпатыңа карап, ошого жараша мамиле кылышат.

Аба ырайы болсо аябай ыңгайсыз. Деңиз жээги болгондуктан кышкысын шамал сөөкө тиет, жайкысын нымдуулук мончодо жүргөндөй эле болосуң.

Күнүмдүк турмушта адамдын ар бир кадамын эсептеп, шарт түзгөндөй сезилет. Дааратканадагы бекер самын жана кагаз, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга атайын жолдор жасалып, каалаган жерине башка адамдын жардамы жок бара алышат. Андан башка дагы бардык шарттар түзүлгөн. Коомдук иш-чара болсо имараттарда коопсуздук жакшы даярдыкта болот. Эң негизгиси салыкты экономиканын өсүшүнө туура сарпташат.

Эң таң калыштуусу күчүктү баладай багышат. Анын коляскасы, кийими, оюнчуктары анан да ден соолугун адамдыкындай эле текшертип турушат. Дагы бир кызыгы көчөдө мас абалда кымбат сумка, телефон менен уктап кала беришет. Эч ким тийбейт, башка өлкөдө тоноп кетмек. Жалпысынан корей жарандары элдерге жана өлкөсүнө уурдап же башка жаман жактары менен зыян келтирбегенге аракет кылышат», — дейт ал.

Биринчи унаа айдап баштаганда элдери түшүнүү менен кабыл алышкан.

«Мен биринчи унаа айдап баштаганда көп учурда түшүнүү менен кабыл алышты. Урушпайт, сөкпөйт дегендей. Бир жолу соода борборунан 1-кабат менен 2-кабаттын ортосуна тажрыйба жоктугунан тыгылып калдым. Аркада узун тыгын пайда болуп, мен ары же бери айдай албай кыйналып туруп калдым. Эми элдер урушат го деп, унаадан чыксам аркамдагы унаанын айдоочусу келип, «Үйрөнчүксүзбү, жардам берейинби?» деп унаамды 2-кабатка өткөрүп берип, «Баарыбыз ушинтип үйрөнгөнбүз, коркпой айдай бериңиз» деп дем күч берип койду», — дейт Рахат айым.

Бош убактысында Корея тууралуу маалыматтарды бөлүшүп турат.

«Бош убактымда хайкинг аркылуу тоого чыгам. [Хайкинг (hiking) — бул белгиленген жана жакшы даярдалган жеңил жолдорду колдонуу менен тоолуу аймакка кыска жана жөө саякат. Хайкингге чыккан учурда, түнкүсүн лагерде (чатырда же үйдө) болушу керек. Ошондуктан саякатчы сумкасына бир күндүк күндүзгү тамак-ашын жана суусун гана салып алат.] Анан социалдык тармактарда Корея жөнүндө кызыктуу нерселерди бөлүшүп баштадым.

Келечектеги максатым. Чоң ооруканада котормочу-координатор болом деген максатта дагы лицензия алганга даярданып жатам.

Үй-бүлөм тууралуу айтсам, багымды Кореядан таптым. Корей мырзасына турмушка чыгып, 6 жаштагы кызыбыз бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️