Пример HTML-страницы

Раджу Норузбаев Кара-Балта шаардык мэриясынын аппаратын жетектеди

Акыркы жанылыктар

Turmush37 жаштагы Норузбаев Раджу Дүйшенкадырович Кара-Балта шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка 2024-жылдын 25-июнунда шаар мэри Мирлан Жекшенов кол койду.

Аталган кызматта 2021-жылдын 10-февралынан 2024-жылдын 16-апрелине чейин Шабданалиев Нурбек Садырбекович иштеген. Ал «Кыргызалтын» футбол клбунун директору болду.

Раджу Норузбаев 1987-жылы 23-майда Сокулук районунун Октябрь айылында туулган.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде инженер адистиги боюнча жогорку билим алган.

Буга чейин «Сокулук таза суу» муниципалдык ишканасында директор болуп иштеген. 2023-жылдын июнь айында Аламүдүн районунун акиминин буйругу менен Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE