Пример HTML-страницы

Прокуратура «Женго» каймана аттуу Кадыр Досоновго чыгарылган өкүмгө макул эмес

Акыркы жанылыктар

TurmushПрокуратура Кадыр («Женго») Досоновго карата кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу иши боюнча чыгарылган өкүмгө макул эмес.

Жогорку сотко Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Ж.Асатовдун сунуштамасы берилди. Ал биринчи жана экинчи инстанциядагы соттун өкүмүн жокко чыгарып, мыйзам чегинде айыптоочу өкүм чыгарууну сурады.

———————————————

2022-жылы 22-июлда Ош облустук сотунун соттук коллегиясы «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновго карата чыгарылган биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтырылганы маалым болгон.

Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук сотунун 2022-жылдын 14-июнундагы токтомунун негизинде Жазык кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүмү (2017-жылдагы редакция, бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) менен айыпталган Кадырбек Досоновдун аракетиндеги кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган. Бул боюнча Ош облустук сотуна апелляциялык сунуш же даттануу түшкөн эмес.

Кара-Суу райондук сотунун 2022-жылдын 14-июнундагы өкүмүнүн негизинде Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (2017-жылдагы редекция, легализация, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу) боюнча айыпталуучунун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана жоруктар боюнча иштеринин соттук коллегиясынын 2022-жылдын 21-июлундагы өкүмүнүн негизинде Кара-Суу райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды.

———————————————

2021-жылы 10-февралда УКМКнын басма сөз кызматы Ош шаарындагы текшерүү иштеринин алкагында Досонов жашынып жаткан үйдү табышканын билдирген. Ал үйдөн жеке каражаттары, буюмдары, ошондой эле мобилдик телефону табылды. Мындан тышкары тыюу салынган заттар, анын ичинен баңгизат чыккан.

Мындан улам К.Досоновдун жүргөн жерин аныктоо жана колго түшүрүү үчүн УКМК менен ИИМ тарабынан «Перехват» планы жарыяланган.

Кадыр Досонов УКМКнын Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгына өзү барганын жактоочу Назгүл Сүйүнбаева Фейсбуктагы баракчасында билдирген.

Ал эми 11-февралда К.Досонов кармалып, УКМКнын абагына киргизилген.

17-февралда УКМК Кадыр Досоновго кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

«Кылмыш жолу менен алынган акчаны легалдаштыруу механизмдерин аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган УКМКнын иш-чараларынын алкагында «Женго» каймана аты менен белгилүү болгон криминалдык авторитет К.Досоновго карата Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгү (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Такталгандай, буга чейин эч жерде иштебеген жана ишкердик менен алектенбеген, бир нече жолу соттолгон К.Досоновдун жакын туугандарына жана башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 унаасы жана кыймылсыз мүлктөрү (15 турак жай жана 35 жер тилкеси) аныкталган.

Ошондой эле К.Досонов айрым курулуш компанияларын каржылаганы белгилүү болду. Тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE