Прокуратура «Ошэлектр» ААКтын дагы эки кызматкерин кармады

Turmush«Ошэлектр» иши боюнча дагы эки кызматкер камакка алынды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан «Ошэлектр» ААКтын жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышкан. Бул аракеттерден улам 134 миллион 404 миң 877,09 сомдук зыян келтирген факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары «Ошэлектр» ААКтын ички көзөмөл секторунун тескөөчүсү К.М.А. жана Өзгөн РЭТ ишканасынын башкы инженери Г.М.М. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин аталган кылмыш ишине шектүү катары «Ошэлектр» ААКтын мурдагы жетекчиси Д.Д.И. жана Ноокат РЭТ ишканасынын мурдагы жетекчиси А.И. кармалышкан. Азыркы тапта кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️