Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Прокуратура «Дост-Курулуш» ЖЧК көп кабаттуу үйдү өз билемдик менен куруп жатканын аныктаган. Кылмыш иш козголду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында өз билемдик менен курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай боюнча кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад шаарынын мэриясында «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдын талаптарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө Жалал-Абад региондук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан тиешелүү көзөмөл жүргүзүлбөгөнүнүн кесепетинен Жалал-Абад шаарынын Т.Айтакалов көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесине «Д-К» ЖЧК тарабынан кандайдыр бир долбоорлоо жана курулуш курууга уруксат берүүчү иш кагаздары жок, өзүм билемдик менен көп кабаттуу турак жай курулуп жаткандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 214-беренеси (өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергелүүдө.

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы Айталаков көчөсүндө «Дост-Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Курулуш тууралуу маалымат компаниянын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

«Дост-Курулуш» компаниясы 2017-жылдын 27-апрелинде каттоодон өткөн.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча (2020-жылдын май айына карата), «Дост-Курулуш» ЖЧКнын директору катары Сейдалиев Түгөлбай Мейманбаевич көрсөтүлгөн. Түзүүчүлөрү — Сейдалиев Түгөлбай Мейманбаевич, Мансуров Түгөлбай Калмаматович.

Сейдалиев Түгөлбай Мейманбаевич учурда Жалал-Абад шаардык кеңешинде («Ыйман-Нуру» фракциясы) депутат.

Ошондой эле ал «Аманат Роуд» ЖЧКнын жетекчиси жана түзүүчүсү катары көрсөтүлгөн. Компания 2017-жылы 16-ноябрда каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: жүк ташуучу автомобиль транспортунун ишмердүүлүгү.

«Дост-Курулуш» компаниясы 2021-жылы 1-октябрда кайра каттоодон өткөн. ЖЧКнын жетекчиси жана түзүүчүсү катары Шадибеков Эрзат Сабырбекович көрсөтүлгөн.

«Дост-Курулуш» 2023-жылы 24-мартта кайрадан каттоодон өткөн. Эми анын жетекчиси жана түзүүчүсү — Алтымышов Адилет Нуритдинович.

—————————————————

Буга чейин Жалал-Абад региондук архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Нурулло Жапаров Жалал-Абад шаарында курулушу жүрүп жаткан 8 көп кабаттуу үйдүн тиешелүү документтери толук эмес, мыйзамсыз курулуп жатканын билдирген.

Жалал-Абад шаарында бир нече көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулууда, деп билдирген УКМК.

Тактап айтканда, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Жалал-Абад шаарында уруксат берүүчү документтери жок көп кабаттуу турак жайлар курулуп жатканын аныктаган.

Шаар куруу жана архитектура жөнүндө мыйзамдын 24-беренесине ылайык, шаар куруу жана архитектура объектилери бекемдиктин, жер титирөөгө тийиштүү түрдө туруштук берүүнүн, коопсуздуктун, технологиянын белгиленген талаптарына, ошондой эле инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктура жана инженердик жабдуулар менен камсыз кылынышынын деңгээлине жооп берүүгө тийиш.

«Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү, ошондой эле Жалал-Абад шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери көп кабаттуу үй, турак жай куруу процессине көзөмөл жүргүзүшкөн эмес. Алар курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алып, долбоордук-сметалык документтерге берилүүчү экспертизанын корутундусу жок көзөмөлсүз жана уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө жол беришкен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылаган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE