Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү жети-өгүздүктөрдүн көйгөйүн укту

TurmushБүгүн, 12-апрелде президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Жети-Өгүз районунун тургундары менен жолугушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жолугушууга 300дөн ашуун жергиликтүү тургун катышты. Алар мектеп, бала бакча, таза суу, сугат суу көйгөйлөрү курч экенин айтышты. Облус жетекчиси Алтынбек Сулайманов суроолорго жооп берип, айыл тургундарынын көйгөйүн чечүү боюнча тиешелүү мекемелердин жетекчилерине тапшырма берилди. Мындан сырткары тургундар Липенка, Светлая Поляна айылдарына баруучу жолдорду оңдоп берүүнү суранышты.

  • Буга чейин президент Садыр Жапаров облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды өткөрүүгө тапшырма берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️