Turmush — Кара-Кулжа районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн тургуну — фермердик чарбанын ээси Абдылазиз Эргешов 2001-жылдан бери асыл тукум койлорду багып, көбөйтүп келет. Turmush басылмасынын кабарчылары фермердин чарбасына барып келишти.
Абдылазиз Эргешов Австралиядан меринос асыл тукум койдон төртөөнү кымбат сатып алып, койлордун санын 250гө жеткирди. Өзүнүн кесиби инженер-механик болгонуна карабай фермердик чарбаны кантип түзүп, кандай кыйынчылыктарга туш болгонун төмөнкүдөй эскерди.
- Меринос тукумундагы койлор башкалардан жүнүнүн сапаттуулугу менен айырмаланат.
«Советтер союзу тараганга чейин автомеханик, башкы инженер болуп иштегем. Союз тарап, үлүш бөлүнгөндөн кийин завод, кампалар мамлекеттин карызына сатылган убакта жашылча сактоочу жай дагы аукционго коюлуп калды. Ошол убакта аны 100 миң сомго сатып алгам. Президент А.Акаев «кооператив уюштургула» деп калды. Кооперативге насыяга трактор алып, элдин жерин айдап, эгин сээп, жыйнап жүрдүм. Бирок ал убакта пенсия, жөлөк пулдар убагында эмес, жарым жылдай созулуп, анда да товар аркылуу төлөнөт эле. Эл эмгек акыңды эгин жыйнаган соң беребиз дечү. Мен насыя алган жериме жума сайын түшүнүк кат жазам. Ушундай күндөр да өттү.
2001-жылы Австралиядан алынып келген меринос асыл тукум койдон кымбат болсо да төртөөнү алдым. Кошумча дагы бир фермердик чарбадан насыяга 30 тубар кой алып, көбөйтүп баштадым. Учурда 250 баш болду. Анын ичинен 150 кой төл берет», — дейт Абдылазиз Эргешов
Фермер баккан ак койлор негизинен эт жана жүн багытында. 150 койдон 80-90 баш төл алат. Ал эми жүндү коронавируска байланыштуу пандемиядан кийин сата албай калышкан. Койлор багылган сарай мөмө-жемиш сактаган имарат болгондуктан суукта жоготуулар көп болорун, сарай куруу зарылчылыгы бар экенин белгиледи.
«Сарай бетондон курулган, үстүнөн суу өтчү. Кой сатып, үстүн жаптым. Сарайды бузуп, башка курайын деген да ой болгон. Имаратты атайын техникалар менен бузуш керек экен. Бирок бузгум келбей жатат. Оңдоп-түзөп, кайрадан мөмө-жемиш сактоочу жай кылгым келип жүрөт. Суукта ичине электр мештерин коюп коём. Бирок үстү бийик болуп, бетондон суук өтүп, көп козуларды жоготтук. Башка сарай куруу керек. Айыл өкмөт жардам катары ижарага 4 гектар жер берген. Жем-чөптү ошол жерден жыйнайм. Койлордун жеминен чыккан чөп убал болбосун деп 10 жылкы кармайм. Чарба иштери башталганда малды айылдын тургундарына жайлоого берем. Ар бир койду 100-150 сомдон карашат. Он жылдан бери бир эле адамга бактырам. Бир жолу гана чоң жоготуу болуп, 20 койду таш басып калган. Адал болуп калса союп, айылга таратып жиберем. Алар кийин козу кылып кайтарып берет. Жубайым, балдарым «канча акча кетсе кетсин, чабан таап эле берип койчу» дешет. Бирок аларга «тойго жетелеп барсаңар жакшы, этин жесеңер жакшы, анан баккан жаманбы?» деп моюн бербей жүрөм», — деди ал.
Фермер быйыл жүндүн баасы көтөрүлбөй сатылбай турганын кошумчалады.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.