Президенттин колунан сыйлык алган Курманбек кызы Нуржанат IT тармагы боюнча билим алууну пландап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Талас районундагы эң жогорку баллга ээ болгон Курманбек кызы Нуржанат IT тармагы боюнча билим алууну пландап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Козучак айылында туулган. Учурда 17 жашта.

«Буга чейинки «Билим талкуулук» бирикмесинин стипендианты болуп, «Эң мыкты окуучу 2023» төш белгисин алгам. Мектепте жакшы жүрүм-турум үчүн жана жакшы окууганым үчүн боюнча грамоталарым бар. 9-класс кезимде «Акыл таймаш» интеллектуалдык таймашына катышып, жеңүүчү болгом.

Ушул жетишкендиктеримди колдоп келе жаткан ата-энем жана бардык жакын адамдарыма, ошондой эле Мырзабек Мамбетов атындагы орто мектептин эмгек жамаатына, эже агайларыма ыраазычылык билдирем. Талыкпай эмгектерин берип келишти. Мени мыкты окуучулардын катарына киргизген, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдаган Самара Мусаканова жана Бурмакан Айдаралиева эжекелериме ыраазычылык билдирем. Мектебибизден мугалимдерибиз ЖРТга даярдап биз үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришти.

ЖРТдан 223 упай алып, президентибиздин колунан «Мактоо баракчасын», жана «Мамлекеттин сыймыгы» деген грамотасы менен сыйландым.

Пример HTML-страницы

Мага жаккан предметтер бул математика жана кыргыз тили. Келечекте программист болууну кыялданам. Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тапшырууну пландап жатам», — деди ал.

  • Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында жогорку упайларды алып, бирок «алтын сертификатка» жетпей калган 7 облустагы бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин жарыялаган. Алар президенттин катышуусундагы иш-чарага чакырылып, белектерди алышкан. Аталган окуучулардын катарында Курманбек кызы Нуржанат дагы бар.

Быйыл Талас облусу боюнча 11-классты жалпы 2818 окуучу аяктады.

Билим берүү министрлиги 2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 56 бүтүрүүчү жогорку упайларды топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушканын кабарлаган.

Эң жогорку 234 упайды 3 бүтүрүүчү алган. Алар:

— Аминат Гордаева — Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү;

— Максат Оморов — Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү;

— Эльнура Эркинбекова — Талас облусундагы «Мээрим» эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин бүтүрүүчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️