Пример HTML-страницы

Президент тарабынан сыйлана турган бүтүрүүчүлөрдүн бири — Темирлан Карабаев

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайларды 56 бүтүрүүчү топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушту. Анын ичинен 7 окуучу Чүй облусунан алышты. Алардын бири — Сокулук районундагы Новопавловка мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Темирлан Карабаев. Ал 225 упай алган.

Каарманыбыз 2006-жылдын Россиянын Красноярск шаарында төрөлгөн.

«Апам — Айгүл Үсөнова, атам — Фархидин Карабаев. Тилекке каршы, атам 2012-жылы каза болгон. Атам Красноярск шаарында курулуш компаниясында субподрядчы болуп иштеген. Апам Эл аралык жогорку медицина мектебинин китепканасында эмгектенет. 9-классты аяктап жаткан Асема аттуу жана 5-классты аяктап жаткан Алина аттуу карындаштарым бар. Чоң энем Бүйсайра Кайыкбаева 1-классыман бери сабактарыма жардам берип, көзөмөлдөп, чоң жөлөк болуп берди. Мен чоң энеме абдан ыраазымын.

Ал эми ЖРТдан 225 упай алдым. Бирок, мен «алтын сертификатка» жетем деп ойлогон эмесмин. 210 упай алсам керек деп күтүп тургам. Кудай буюрса, келечекте мыкты программист болгум келет. Мектепте математика сабагы жакчу», — деди ал.

————

2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайларды 56 бүтүрүүчү топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушту.

Эң жогорку упай 234 болду — аны 3 бүтүрүүчү алды.

Жогорку упайларды алган 56 бүтүрүүчүнүн арасында Нарын облусунан 3 окуучу бар:

Рамазан Айдарбеков (231) – М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи;

Айганыш Дөөлөтбекова (229) – Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектеби;

Жанбол Жаркынбаев (225) – былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү.

«Алтын сертификаттын» аймактар боюнча саны:

Бишкек – 34,

Чүй облусу – 7,

Ош шаары жана Ош облусу – 6,

Жалал-Абад облусу – 3,

Нарын облусу – 3,

Талас облусу – 2,

Баткен облусу – 1,

Ысык-Көл облусу — жок.

Кыргызстанда «алтын сертификат» ээлери дайыма президент тарабынан сертификат, стипендия жана белек менен сыйланып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE