Президент тарабынан сыйлана турган бүтүрүүчүлөрдүн бири — нарындык Айганыш ийгилиги менен ата-энесин ыйлатты 

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын шаарында Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин окуучусу Айганыш Дөөлөтбекова жалпы республикалык тестирлөөдөн 229 упай топтоп, «алтын сертификатка» ээ болду.

Бүтүрүүчү окуу жылынын башында «алтын сертификат» тууралуу ойлонгон эмес.

«Окуу жылынын башында жогорку упай топтой алам деп ойлогон эмесмин. 130 упай топтой алсам болду деген ойдо болгом. Сынак тестке барганда 186 упай алдым. Ошондон тарта өз алдымча ЖРТ даярдана баштадым. ЖРТга даярдоочу курстар жакшы маалыматтарды берерин билгем. Бирок өз алдымча даярданууну туура көрдүм. 10-класста математика сабагынан кошумча сабакка барып жүрдүм. Математика сабагы көп жага берчү эмес. Ошондуктан 6-класстын программасынан баштап даярданайын деп сайттан өз алдымча окудум. Мындан тышкары англис тилиндеги адабий китептерди, орус тилинин грамматикасын окудум. Экинчи сынак тестте 208 упай алдым. Күн сайын баш көтөрбөй окудум деп айта албайм. Айрым күндөрү өзүмө эс алуу арнап жаттым. Үчүнчү сынак тестте 221 упай алыптырмын. ЖРТга жакын калганда окугум келбей баштады. Бул учурда апам мага колдоо көрсөтүп: «Тоонун башына жетейин деп калганда отуруп калдың» деп мени күчтөндүрдү. Сынак тапшырган күнү ооруп калып, абдан кейидим. Жыйынтыгы жакшы чыкпай калды деген ойдо болгом. Бардык классташтарыма «мен сынакты тапшыра албай калдым» деп айта бергем.

Жыйынтык чыккан күнү классташым телефон чалганда, «жогорку упай алдым го» деп ойлондум. Ал мага «алтын сертификатка» ээ болгонумду айтканда абдан сүйүндүм. Эгер сынак тапшырган күнү ооруп калбасам, мындан да көп упай топтомокмун. Буга чейин Нарын шаарындагы эл аралык окуу жайга тапшырып, бюджеттик негизде өтүп кеткем. Азыр «алтын сертификат» алгандан кийин башка окуу жайларды да карап көрүүнү ойлонуп жатабыз. Апам медицина тармагын сунуштап жатат. Мага сабак берген бардык мугалимдерге ыраазычылык билдирем», — дейт Дөөлөтбекова.

Айганыштын апасы Сагынбүбү Дүйшеева агартуучу болуп эмгектенип келет. Ал кызынын «алтын сертификат» аларына ишенгенин айтат.

Пример HTML-страницы

«Кызым башталгыч класстан тартып эле жалаң «5» деген баага окуган. Багыт гана берип койгонум болбосо, үйгө берилген тапшырмасын аткарып берген эмесмин. Тилдерге кызыгуусу күч болуп, англис тилин баскычтар менен окуп бүтүрдү. Өзүм мугалим болгондуктан, Айганыштын жогорку упай аларына ишенгем. Алтын сертификатка ээ болгонун айтканда аябай сүйүнүп, атасы баш болуп толкунданып ыйладык. Кызыма билим берген Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин мугалимдерине ыраазымын», — дейт ал.

————

2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайларды 56 бүтүрүүчү топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушту.

Эң жогорку упай 234 болду — аны 3 бүтүрүүчү алды.

Жогорку упайларды алган 56 бүтүрүүчүнүн арасында Нарын облусунан 3 окуучу бар:

Рамазан Айдарбеков (231) – М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи;

Айганыш Дөөлөтбекова (229) – Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектеби;

Жанбол Жаркынбаев (225) – былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү.

«Алтын сертификаттын» аймактар боюнча саны:

Бишкек – 34,

Чүй облусу – 7,

Ош шаары жана Ош облусу – 6,

Жалал-Абад облусу – 3,

Нарын облусу – 3,

Талас облусу – 2,

Баткен облусу – 1,

Ысык-Көл облусу — жок.

Кыргызстанда «алтын сертификат» ээлери дайыма президент тарабынан сертификат, стипендия жана белек менен сыйланып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️