Пример HTML-страницы

Президент С.Жапаровдун сөзү 40 жаштагы М.Абдрахманованын идеясына айланган. Ал азыр текчелерге кулпунайларды өстүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районунун 40 жаштагы тургуну Мээрим Абдрахманова мүмкүнчүлүгүнүн чектелгенине карабай, тигүүчүлүктөн тапкан кирешесинен текчеге кулпунай айдап, эксперимент жасап көрдү. Каарманыбыз тууралуу анын апасы Айканыш Айткулуева айтып берди.

Мээримдин балачагы

Мен 1957-жылы, жолдошум Дайырбек Абдрахманов 1959-жылы Чолпон-Ата шаарында төрөлгөнбүз. Учурда экөөбүз тең пенсионербиз. 4 балабыз бар, 1 уул, 3 кыз. Мээрим экинчиси. Ал 1984-жылы Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Алгач анын майыптуулугу билинген эмес. 1-класска барарда ооруканадан текшерүүдөн өттүк. Ошондо гана эс-тутуму начар экени билинди. Балыкчы шаарына көчүп барып, ошол жактагы мектепте окуду. Анын жакынкы эс-тутуму өтө начар. Алыскы, бир жыл мурунку окуяларды эстеп айтып бере алат. Тактап айтканда, бир ай, 1-2 күн мурункуларды унутуп калат. Мындай балдарга биз ата-энелер жардам берип, көмөктөшүп, ар кандай иштерге аралаштырып, кызыктырып, окутуп турушубуз керек. Эч нерсеге кызыктырбай, көңүл бурбай, чүнчүтүп жибергендерди угуп калып жүрбөйбүзбү. Андай мамиле туура эмес. Майыптар коому бар. Ошол жакка барып турат. Балдар үчүн фонд бар. Кызын ээрчитип алып, ал жактагы коомдук иштерге катышат.

Мээримдин кызы дагы майып болуп төрөлдү

Мээрим 2010-жылы турмушка чыккан. Бир кыздуу болгон соң, кайын журту алып келип беришти. Аларды дагы түшүнсө болот. Мээримдин кызы да эс-тутуму жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген. Ал азыр Беловодск айылындагы атайын мектепте билим алат, быйыл 6-классты аяктады.

Өкмөт берген 100 миң сомдон башталган ишкерлик

2022-жылы социалдык келишим долбооруна илинип калдык. Андан алган 100 миң сомго алгач чакан дүкөн иштеттик. Бирок, жаныбызга дагы бир чоң дүкөн ачылып, биздин товарлар өтпөй калды. Мындан улам дүкөндөн түшкөн кирешени топтоп, тигүү машинкаларды алдык. Мен бала кезимен эле кийим тигип келгем. Көнгөн ишимди баштап, Мээримге ушул жаатта жардам кылайын дедим. Анткени ал менин жанымда жүрүп, кийим тигүү жагын азма-аз өздөштүрүп калган. Курак курап, шуурудан билерик, шакек, сумка тиккенди жакшы көрөт. Ошентип экөөбүз үйгө буйрутма алып, кийим тигип иштеп баштадык. Бирок, Мээрим өтө оор кийимдерди тиге албайт. Ал 5 жиптүү машинкада отура алат. Мен болсо калган жактарын тигип, буйрутма берген кишиге өткөрөбүз. Албетте, Мээрим өзү барып, кийим тигүү цехтерден буйрутма ала албайт. Ага мүмкүнчүлүгү чектелген экен деп бербей коюшу мүмкүн. Мындан улам өзүм барып, алып келип турам. Жанында отуруп, улам көрсөтүп турбасам, тигилишин унутуп калат. Тигүүчүлүктөн күнүнө 1000-1500 сомдон жогору акча табабыз. Бир айда экөөбүз биригип, 25-35 миң сом табабыз.

Президент Садыр Жапаровдун айтканы…

Ошентип кийим тигүүдөн түшкөн акчабызды топтоп, былтыркы жылы чакан жерибизге (жарым сотыхдай) кулпунайдын Азия, альбион, Мурана аттуу сортторун алып келип тиктик. Ар бирин 20 сомдон 360 даана кулпунай алдык. Жаңы эле отургузгандан кийин президентибиз Садыр Жапаров текшерип келип калды. «Жериңер кичинекей экен. Туурасынан эмес, бийигинен өсөлү» деп айтып кетти. Бул сөз кызыма эксперимент жасоого түрткү берди.

Анан ал кулпунайыбыз мөмө берип, килограммын 360 сомдон сатып баштадык. Аягында 250 сомго чейин саттык. Жалпы 15 миң сомдой киреше түштү.

Эксперимент

Кызым Мээрим президентибиздин айтканын эске алып, интернеттен ар кандай идеяларды алып, быйыл туурасынан эмес, бийигинен өсөлү деп, темир-тесектен текче жасаттык. Кандай болор экен деп күттүк. Текче жасатканыбызга 40 миң сом кетти. Кулпунайдын өзүнө 11 000 сом, дары-дармеги менен бирге 16 миң сом кетти. Ошондо 50-60 миң сом менен ушул жайыбызга кулпунай айдадык. Бул жолу мөмө ала элекпиз. Анткени жаңы отургуздук. Буюрса август айында бышат, ошондо түшүмүн көрөбүз.

Жерге 360 түп кулпунай тиксек, бул текчеге 500 түп көчөт тиктик. Мындайча айтканда, 1 сотых жерге бата турчу кулпунайдын көчөтү болчу. Демек, идеяларды ойлонуп, ишке ашырса болот экен. Жалкоо болбош керек. Ар бир иш ар бир адамдын колунан келет.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2023-жылы 25-апрелде «Социалдык контракт» программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн берилүүчү жөлөк пулдун максаттуу пайдаланылганын текшерген.

——

«Социалдык контракт» долбоорунун алкагында аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон каражат кайтарымсыз негизде берилет.

Мындан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү каржылык сабаттуулукка үйрөтүп, бизнес-план түзүүгө жардам берип, узак мөөнөттүү бизнести ийгиликтүү жүргүзүү боюнча кеңештер айтылат. 2022-жылы бул долбоордун алкагында 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген.

Ал эми 2023-жылы 8 миңден ашык үй-бүлөгө чакан ишкерлик үчүн 100 миң сомдон берилген. Аталган жылы өлкөнүн бардык аймактарынан бул долбоорго жалпысынан 10 миңдей аз камсыз болгон үй-бүлөнү камтуу пландалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE