Полковник Уланбек Кубатбеков Араван РИИБди жетектеди

Акыркы жанылыктар

TurmushМилициянын полковниги Кубатбеков Уланбек Жыргалбаевич Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка ички иштер министри кол койду.

Бүгүн, 4-сентябрда Уланбек Кубатбеков Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов өздүк курамга тааныштырды.

Уланбек Кубатбеков буга чейин Сокулук РИИБдин башчысынын орун басары, Бишкек ШИИБдин штабынын башчысы болуп иштеген.

Ал эми бул кызматты азыркы учурга чейин аркалап келген милициянын полковниги Ниязалиев Мирлан Байгазыевич ички иштер органдарынын катарынан ардактуу эс алууга чыкты.

Пример HTML-страницы

Ошондой эле Араван РИИБдин айрым кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️