Пример HTML-страницы

Полковник Адилбек Султанов менен лейтенант Уран Шамурзаев эскерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 13-июнда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө милициянын полковниги Адилбек Султановду жана Мады айылдык милиция бөлүмчөсүндө милициянын кенже лейтенанты Уран Шамурзаевди эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, ардагерлер кеңешинин төрагасы жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсү, жакындары катышты. Алгач айкелдерге гүл чамбарлар коюлуп, маркумдарга куран окулуп, өмүр таржымалы айтылды.

Ош ОИИБдин башчысынын орун басары Ашырбек Ахунов маркумдарды мекенчилдиги, тайманбасты жана эр жүрөк кызматкер болгондугу келечек муундарга өрнөк болуп, үлгү катары кыргыз милициясынын тарыхында жазылып кала берерин белгиледи.

Ошондой эле ардагерлер кеңешинин тѳрагасы Курсанбек Камчиев жана жакын туугандары, достору Адилбек Султановдун жана Уран Шамурзаевдин элесин унутпай, ысымдарын түбѳлүккѳ калтырууга шарт түзүп, ар тараптуу колдоо кѳрсѳткѳндүктөрү үчүн Ички иштер министрлигинин жана Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

Иш-чара ѳздүк курамдын салтанаттуу саптык жүрүшү менен аяктады.

Адилбек Султанов жана Уран Шамурзаев 2010-жылдын 13-июнь күнү Ош коогалаңында улуттар аралык кагылышуунун алдын алуу, эки улуттун ынтымагын бекемдѳѳ максатында кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон.

Адилбек Султановдун ысмы ѳзү төрөлүп өскөн Каратай айылындагы орто мектепке жана ѳмүрүнүн акырына чейин жетектеген Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнѳ ыйгарылган.

Ал эми Улан Шамурзаедин ысмы Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнө ыйгарылган.

Алар 2010-жылы III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланышкан (курман болгондон кийин).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE