Погончондор Кадамжайдагы айыл өкмөт башчыларына эскертүү беришти (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районундагы коллегиялык жыйында айыл өкмөт башчыларына өздөрүнө тиешелүү кызматтык унааларды иш убактысынан сырткары айдабоо керектиги эскертилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын улук тескөөчү Азиз Эргешовдун айтымында, кызматтык унааларды иш убактысынан тышкары да айдагандар бар.

«Урматтуу айыл өкмөт башчылары сиздерге берилген унааларды ишемби жана жекшемби күндөрү айдабай эле коюңуздар. Башка күндөрү дагы кечки саат 18:00дөн кийин айдабаңыздар. Жаман-жакшы айтышып калбайлы. Бул боюнча бизден күндө талап кылып жатат. Ошону сиздерге жеткизели деп келдик.

Сиздерге унаалар биринчи күндөн бешинчи күнгө чейин эртең мененки саат 8:00дон кечки саат 18:00гө чейин бекитилген. Ал мыйзамда да көрсөтүлгөн. А сиздер кечки саат 21:00дө да айдап жүрөсүздөр», — деди ал.

Жыйында отурган жетекчилер ага иш сапарлар менен жумуш боюнча бир айылга кечки саат 17:00дө барып, кайра ал жактан 1-2 сааттан кийин кайтып келген учурлар болуп каларын айтышты. Андай учурда эмне кылыш керектигин сурашты.

Пример HTML-страницы

Азиз Эргешов аларга атайын документ кагазын алып жүрүшү керектигин айтты.

«Ушундай суроолор келип жатат. Мисалы сиз иш менен бардыңыз, кайра келип каласыз. Өзүңүздүн аймакка келиңиз. Эч ким эч нерсе дебейт. А башка аймакка кетсеңиз кызматкерлер «Кайсы жерденсиз?, Кайсы жактан келе жатасыз? «Путевой» барагыңызды көрсөтүп коюңуз» деп сурашат. Ошол «путевой» барагыңызда кошумча убактысын жазып коюңуз. Кээ бир унааларда «путевой» барак негизи эле жок. А бизден талап кылып жатат. Ошол нерсени жеткирип коюңуздар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️