Погончон айым сырдуу өлүмдүн чоо-жайы кантип ачыкталганын баяндап берди

Акыркы жанылыктар

Turmush«Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иш боюнча инспектор, милициянын улук лейтенанты Күлбашева Аида Рыспековна. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде бала кезинен милиция кызматкери болууну кыялданганын айтып берди.

Каарманыбыз 1985-жылы Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу 1-май айылында төрөлгөн. 2003-2008-жылдары ИИМдин академиясында билим алган.

«Милиция кесибин бала кезимен эле тандагам. Мектепте окуп жүргөндө милициянын формасын кийип жүргөн эжелерди көрүп суктанып, мен дагы милиция кызматында иштейм дечүмүн. Атам аскерде кызмат өтөгөн. Бирок үйдөгүлөр милиция кызматкери болушума каршы болушкан. Мен өз максатыма жетүү үчүн аракет кылып окугам. Үзүрлүү эмгектин арты менен бир нече жолу адак грамота менен сыйландым», — деди ал.

Аида Күлбашева ИИМдин академиясында окуп баштаган жылдары дзюдо жана күжүрмөн уруш (рукопашный бой) менен машыгып, 13 медалдын ээси болгон.

«Кичинекей кезимде атам кол менен мушташуу менен машыктырчу. Анан көчөдөгү бардык курдаш балдарды жыйнап, мени менен мушташтырчу. Ошондон улам болсо керек, бош убактымда спорт менен машыкканды жакшы көрөм. Дзюдо жана күжүрмөн уруш боюнча спорттун чеберине талапкермин. ИИМ академиясында окуп жүргөндө жана кийин дагы мелдештерге катышып, жалпы 13 медаль, 17 грамота алдым. Эсимде 2006-жылы Бишкек чемпионатында 1-орунду жеңип алгам. Спорт жумушума өтө керектүү жана дени сак, сергек жашоого чоң өбөлгө түзөт.

Пример HTML-страницы

Спорттон сырткары жагымдуу музыкаларды угам. Буга улай ат мингенди жакшы көрөм. Айылда ата-энемдин мал-жандыгы, жылкылары бар. Айылга барганда дароо ат мингенге ашыгам. Мурда ата-энеме жардам берип, мен дагы бээ саап, кымыз сатып, окууга кийим-кече алчумун», — деди ал.

Погончон айым кызмат учурундагы эсинен кетпеген окуяны айтып берди.

«Бул окуя Аламүдүн районунда иштеп жүргөндө болгон. Жаз мезгили болчу. Бизге бир киши телефон чалып, үйүндө жарандык аялы арактан өлүп калганын айтты. Жерине барганда аялдын жансыз денесин ак жуурканга ороп жаткырып койгонун көрдүк. Экөө арак ичишкенин, аялы бир маалда отурган жеринен кулап, эс-учун жоготконун айтып берген. Бирок иликтөөнүн жыйынтыгында ал киши аракка ууландырган зат кошкону белгилүү болгон. Ошону менен жарандык аялын атайын өлтүргөнү аныкталган. Ушул окуя такыр эсимен кетпейт.

Кызмат учурунда жетишпеген, аз камсыз үй-бүлөлөрдү көрүп, өз жанымдан акчалай жардам берген учурлар болот. Текшерүү, кыдыруу учурларында ар кандай адамдарды көрүп туруп, жөн эле кетип кала албайсың», — деди ал.

Каарманыбыз бир уул, бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️