Пример HTML-страницы

Подполковник Залкарбек Сарыков жаңы кызматка дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushМилициянын подполковниги Сарыков Залкарбек Калыйнурович Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

З.Сарыков буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оор кылмыштардын бетин ачуу бөлүмчөсүнүн башчысы болуп иштеген.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, тиешелүү буйрукка 2024-жылдын 7-июнунда ички иштер министри кол койду. Ал эми 8-июнь күнү Ош ОИИБдин башчысынын орун басары Ашырбек Ахунов Чоң-Алай РИИБдин өздүк курамына жаңы жетекчини тааныштырды.

  • Буга чейин Чоң-Алай РИИБди Марс Додуев жетектеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE