Пример HTML-страницы

Подгорный айылындагы заводдо кара куурайдан жиптер чыгарылып, СССРге таркап турган

Акыркы жанылыктар

TurmushСовет мезгилинде Кемин районуна караштуу Орловка шаарынын Подгорный айылындагы заводдо кара куурайдын жалбырагынан кендир жиптер чыгарылып, СССРге караган мамлекеттин баарына таркатылчу.

Подгорный айылы Кемин шаарынан 23 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айыл Орловка шаардык мэриясынын карамагында турат. Бирок буга чейин айыл макамын алган эмес. Учурда «Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Айыл макамын ала турган айылдардын катарында мына ушул Подгорный айылы да бар.

Айыл эли айыл чарбачылыгы менен алектенишет. Калкынын саны 500гө барат жана ар улуттун өкүлдөрү жашайт.

Орловка шаарынын мэри Бакыт Чанчаровдун айтымында, 1928-жылга чейин аталган заводдун орду ээн талаа болгон. 1928-1930-жылдары кендир завод жана алгачкы барак тибиндеги үйлөр курулган.

«Айылдын аталышы ушул кендир заводго тыгыз байланышта экенин байкагандырсыз. Кендир заводунда айылда жана коңшу айылдарда өстүрүлгөн кара куурайдын жалбырак, сабактарынан кендир жиптер иштелип чыгарылган. Ал жиптер совет мамлекетинин булуң-бурчуна жөнөтүлгөн. 1965-жылы кендир заводу жоюлуп, анын ордуна Орловка тигүү фабрикасы ачылган. Тигүү фабрикасы көптөгөн адамдарды жумуш менен камсыз кылган. Анда республикабыздын ар кай жагынан кыз-келиндер келип эмгектенишкен. 1995-жылы кайра куруу убагында тигүү фабрикасы жабылып калган. Фабриканы 1965-1972-жылдары Курманбек Сагынбаев, 1972-1980-жылдары Анатолий Олейников деген инсандар жетектеген. Тигүү цехте 500дөн ашуун киши иштечү экен. Эгемен жылдардан кийин заводдор жеке менчиктерге өтүп, талкаланып жок болуп кеткен», — деди ал.

Айылда бир бала бакча, бир маданият үйү, китепкана, спортзал, ФАП, мечит, балдар аянтчасы бар.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш «Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE