Пример HTML-страницы

Петровкадагы социалдык шаарчанын жашоочулары электр энергиясына болгон төлөм боюнча милицияга кайрылышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында социалдык шаарчанын жашоочулары электр энергиясына болгон төлөм боюнча ызы-чуу чыгарышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Петровка айылында 2017-жылы демөөрчүлөр тарабынан жалгыз бой энелер үчүн 20 үй-бүлөгө үй курулуп, пайдаланууга берилген.

«Ысыкта мээ кайнатып, суукта калчылдатып, дубалы пескоблоктон курулган соцшаарчада 20 үй-бүлө жашап келет. Эми көйгөй толтура. Алардын бири — электр энергиясына болгон төлөмдөн чыккан ызы-чуу. 2017-жылдан бери соцшаарчанын А.Б. аттуу жашоочусу ар бир үйдөн ай сайын электр энергиясы үчүн 1 кВт /саатка 2 сом 16 тыйындан топтоп келген. Аны РЭТтин кассына төгүп жатканын оозеки билдирген жана бизге электр энергиясы үчүн эсеп-дүмүрчөк берген эмес. Бирок, акыркы күндөрү негедир бизде шек жаралды. Анын чын-төгүнүн билүү үчүн үстүбүздөгү 2023-жылдын 27-мартында РЭТ жетекчисине кайрылганыбызда, ал кассага 0.77 тыйындан төлөнүп жатканын тастыктады. А.Б.нын мындай жоруктарына таң калдык. Ага кайрылганыбызда: «Бара турган жериңерге бара бергиле. Мен өзүм жооп берем» деп, кайра беттен алды.

Биз бул боюнча 19 аялдын колу коюлган арыз менен прокуратурага жана райондук ички иштер бөлүмүнө бардык. Эми мыйзам чегинде жоопту күтүп жатабыз», — деди соцшаарчанын жашоочулары.

Мындай жагдай боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңиш Байсулдаев төмөндөгүлөргө токтолду. «Туура, учурда 20 үй-бүлө жашап келет. Дубалы пескоблоктон курулуп, айрым жерлери урап түшө баштаган соцшаарчаны кайрадан оңдоо боюнча демөөрчүлөр менен макулдашылган. Бирок, айрым бир объективдүү, субъективдүү себептерден улам иш токтоп турат. Ошондой эле электр энергиясына болгон төлөм боюнча нааразычылыктарын бизге да билдирген. Аларга тийиштүү органдар тарабынан чечиле турганын түшүндүргөнбүз. Негизи, учурдагы жашоочулар үчүн 2017-жылы эч кандай жобо көрсөтүлгөн эмес. Жакында, 2023- жылдын 30-майында өткөн жергиликтүү кеңештин сессиясында бул маселе көтөрүлүп, атайын жобо бекитилди. Эми ошол жобонун негизинде иш-аракеттер жүргүзүлөт».

Ал эми райондук ички иштер бөлүмү электр энергиясына болгон төлөм боюнча соцшаарчанын жашоочуларынын арызы каттоого алынгандыгы жана учурда тергөө иштери жүрүп жатканы боюнча маалымдады.

Электр энергиясына болгон төлөм боюнча акча топтогон А. Б. аймактык кабарчыга маалымат берүүдөн баш тартты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE