Петровка айылында жаңы окуу жылына карата китеп жармаңкеси өтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында китеп жармаңкеси өтүлдү. Бул тууралуу Төрт-Гүл айыл өкмөтүнөн билдирди.

Маалым болгондой, ААРден кийин Беш-Терек, Предтеченка жана Петровка айыл аймактары бириктирилип, жаңы аталыштагы Төрт-Гүл айыл өкмөтү түзүлгөн.

«Жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемелеринде иш-чаралар уюштурула баштады. Алардын бири Петровка орто мектебинин базасында өтүлгөн китеп жармаңкеси. Анда ата-энелер жаңы окуу куралдарын сатып алышса, айрымдары алмашып алууга да шарт түзүлдү», — дешти айыл өкмөтүнөн.

Ал эми мектеп директору Жылдыз Уразбакиева китеп жармаңкеде ата-энелер, окуучулар пайдаланылбаган китептерин бири-бирине белекке бергенин да кошумчалады.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️