Петровка айылында алгачкы жолу өзүн-өзү тейлөөчү унаа жуучу жай ачылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАйдоочуларга жакшы шарт түзүү максатында Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында миллион сомго алгачкы жолу өзүн-өзү тейлөөчү унаа жуучу жай ачылды. Бул тууралуу Төрт-Гүл айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, административдик-аймактык реформадан кийин Беш-Терек, Предтеченка жана Петровка айыл аймактары бириктирилип, борбору Петровка айылы болуу менен жаңы аталыштагы Төрт-Гүл айыл өкмөтү түзүлгөн.

«Айыл аймагыбыз райондун борборуна жакын жайгашкан. Анда А.Ж. аттуу жеке ишкер тарабынан миллион сомго өзүн-өзү тейлөөчү унаа жуучу жай ачылды. Албетте, мындай көрүнүш айдоочуларга жакшы шарт түзүү менен бирге айылдын инфратүзүмүн жакшыртууга негиз болду. Ошону менен бирге петровкалык дагы бир жеке ишкер тарабынан да унаа жуучу жай курулуп жатат», — дешти аталган айыл өкмөттөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️