Перизат Бейшебаева эң жогорку эмгек өргүү акысын алган мугалимдердин бири болду

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусуна караштуу Ат-Башы районунундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектептин мугалими Перизат Бейшебаева өлкө боюнча эмгек өргүүгө эң жогорку акча алган мугалимдердин бири болду.

Перизат Бейшебаева 23 жылдан бери мугалим болуп эмгекнетип келет. Ал акыркы 3 жылдан бери Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектептин директорунун окуу иштери боюнча орун басары кызматын аркалап келе жатат.

Мугалим июнь айынын айлыгы менен кошо эмгек өргүүсүнө 187 миң сом алды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, мугалимдердин жана билим берүүнүн башка кызматкерлерине эмгек өргүүсүн төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 7 миллиард сомду түздү.

Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчылары өлкө аймактарындагы мугалимдер менен байланышып, эмгек өргүүсү тууралуу сурашкан.

Пример HTML-страницы

————————————-

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мектептерде иштеген мугалимдер эмгек өргүүгө 100 миң сомго чейин алышты.

Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнөн Turmush басылмасына билдиришкендей, стажы 9 ай болгон жаш мугалимдер эмгек өргүүгө 48 000 сом, ал эми эмгек стажы 30-40 жыл болгон мугалимдер май айынын айлыгы менен чогуу 100 миң сомго жакын эмгек өргүүгө төлөм алышты.

————————————-

Кочкор районундагы мугалимдердин алды эмгек өргүүсүнө эң көп 100 миң сомдон ашык акча алышты.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтык Турсуналиевдин айтымында, 2023-2024-окуу жылга эмгек өргүү үчүн жалпысынан 133 млн 296 миң сом бөлүнгөн. Анын ичинен мугалимдерге 106 млн 496 миң сом, мектептердин техперсоналдары үчүн 7 млн 530 миң сом бөлүндү. Ал эми бала бакчадардын тарбиячыларына – 14 млн 14 миң сом, бала бакчалардын техперсоналдары үчүн 5 млн сом 265 миң сом каржыланган.

Кочкор району боюнча эң көп эмгек өргүүнун суммасы 50% райондук коэффициенти бар мектептерде 118 миң 255 сомду түзсө, 20% коэффициенти бар мектептерде 107 миң 781 сомду түздү.

————————————-

Баткен облусундагы мугалимдердин айрымдары эмгек өргүүгө 50 миң сомдон жогору алышты.

Айтолкун Сейитказиева Баткен районунун Зарташ айылындагы Ж.Байжигитов орто мектебинде 6 жылдан бери эмгектенет. Химия, биология сабактарынан жалпысынан 17 сааттык иш убактысы бар. Мындан сырткары 9-классын жетектейт. Ай сайын 20 200 сом айлык алып келсе, эмгек өргүүсүнө 80 миң сомдон жогору алды.

Назгүл Закирова 20 жылдан бери Кара-Булак айылындагы З.Абдукаримов орто мектебинде эмгектенип келет. Англис тили предметинен сабак берип, мектепте директордун орун басары кызматында да иштейт. Ай сайын 30 миң сом айлык акы алып келет. Эмгек өргүүсүнө 84 миң сом берилди.

Каныкей Жусупова Баткен районунун Бужум айылындагы орто мектепте мугалим болуп эмгектенет. 2 жылдык эмгек тажрыйбасы бар. Сабактан тышкары класс жетектейт. Ал бул үчүн 19 миң сом айлык алат. Быйыл эмгек өргүүгө 45 миң сом менен чыкты.

————————————-

Талас районундагы мугалимдердин алды эмгек өргүүсүнө эң көп 152 миң сом алышты. Бул тууралуу Талас райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Турдубек Момоконов билдирди.

Анын айтымында, быйыл жылдагыга салыштырмалуу мугалимдердин эмгек акылары, эмгек өргүүсүнө алган акчалары көбүрөөк чыккан.

«Талас району жана Талас шаары боюнча жалпы 1500 мугалим эмгектенет. Учурда баары эмгек өргүүсүнө чыккан. Айлык маяналары менен эмгек өргүүсүнө деген маяналары убагында берилген.

Эң көп Талас районунун Талды-Булак айылынын Туйтунов орто мектебинин директору алган. Ал тоолуу аймак болгондуктан айлык маяналары дагы көп. Мектеп директору колуна 152 миң сом алган. Орточо Талас районунда 100 миң сомдон жогору алгандар көп. Талас шаары боюнча 80 миң сомдон жогору эмгек өргүүгө акча алышты. Эң аз дегенде 40 миң сомдон жогору алышкан», — деди ал.

—————————————

Ак-Талаа районунун 30 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар айрым мугалим жана тарбиячылар 100 миң сомдон ашык эмгек өргүү акыларын алышты.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Динара Исаманбетованын айтымында, 2023-2024-окуу жылындагы райондогу 758 мугалимге жана бала бакча тарбиячылары, бала бакча башчылары менен жалпы 176 кызматкерге, ошондой эле техникалык кызматкерлердин эмгек өргүүсүнө каралган акчалар толугу менен которулуп берилди.

Тактап айтканда мугалимдер үчүн 64 млн 242 миң 74 сом, ал эми бала бакча 15 млн 195 миң 788 сом берилди. Ушуга ылайык, 50% жеңилдиги (бийик тоолуу аймактын коэффициенти) бар айылдагы жана иш тажрыйбасы 30 жылдан ашык мугалимдердин эң алды 129 миң сом, 20% жеңилдиги барлар 108 миң сом, ал эми 50% пайыздык жеңилдиги бар жерлердин тарбиячыларынын эң алды 110 миң сом, 20% жеңилдиги бар жерлердин тарбиячылары 90 миң сомдон алышты.

—————————————

Ысык-Көл облусундагы мугалимдердин айрымдары эмгек өргүүгө 70 миң сомдон ашык алды.

Каракол шаарында жалпы 1047 мугалим эмгектенип келет. Алардын бири Гүлзира Аргынбаева 35 жылдык эмгек жолунда биринчи жолу көп төлөм алганын, мугалимдер балдарга татыктуу билим берүүдө аракет көрөрүн айтат.

«Биринчи жолу ушундай көп эмгек өргүү төлөмүн алып жатабыз. Мындан ары дагы жакшы аракеттерди кылып, балдарга татыктуу билим берүүгө умтулабыз», — дейт ал.

Айбек Асанбеков да 29 жылдык эмгек жолунда быйыл жакшы төлөм алганын билдирди.

«Акыркы жылдардагы эмгек өргүү төлөмүн айтсам, 5 жыл мурда өргүү төлөмү абдан эле аз болсо, акыркы жылдары бир топ өстү. Мына быйыл акыркы айдын айлыгы менен кошо 78 миң сом төлөм алдым. Бул мугалим үчүн чоң эле акча, жардам болот экен», — дейт 13 жылдан бери бул кесипти аркалап келе жаткан Наргиза Шарипова.

11 жылдан бери мугалим болгон Элмира Кыдырова да акыркы айдын айлыгы менен чогуу 70 миң сомдон ашык алганын билдирип, ал үй-бүлөсү менен эс алууга, ден соолук чыңдоо жана келерки окуу жылына даярданууга жардам болорун айтты.

Ошондой эле 3 жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келе жаткан Гүлбара Үсөнова быйыл акыркы айдын айлыгы менен чогуу бир топ көбүрөөк акча түшкөнүн, жаш кадр үчүн жакшы колдоо болгонун айтат.

Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, калаада мектептин мугалимдери 50 миң 900 сомдун тегерегинде эмгек өргүү акчаларын алышты. Ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары орто эсеп менен 42 миң 800 сомдун тегерегинде эмгек өргүү төлөмдөрү берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️