Пенсияга чыккан бухгалтер А.Музуралиева башкаларга кол өнөрчүлүктү үйрөтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Манас айылынын 63 жаштагы тургуну Айсалкын Музуралиева кыз-келиндерге курак куроону үйрөтүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча бухгалтер. Айылдагы аялдар кеңешинин төрайымы.

«Биздин айылдын Молдоярова Калтар деген иштүү байбичеси бар болчу. Ал менин таажеңем болот. Мага кол өнөрчүлүктү ошол адам үйрөткөн. Кыздарымдын себин өзүм жасагам.

Курак боюнча көргөзмөлөргө барып жүрөбүз. Жакын курбуларым менен үйрөнөм деген кыз-келиндерге үйрөтүп жатабыз. Бирөөбүз киийз жасасак, бирөөбүз курак куроону үйрөтөбүз. Куракты кичине нерседен эле жасай берсе болот. Жакшы буюмдарды элдерге көрсөтүп, кызыгышса деп жатабыз. Төшөк тигүүдө да математика керек. Анткени куракты куроодо баарын туура ченеп, эсептеш керек.

«Шайыр апалар» тобубуз да бар. Алар менен бирге концерт коюп жүрөбүз. Апалар үйдө отура бербей, алардын көңүлүн көтөрүп, майрамдарды уюштуруп турабыз.

Кесибим боюнча көп жыл жол тейлөө ишканасында кадрлар бөлүмүндө, кассир болуп иштеп пенсияга чыккам. Пенсияга чыккандан кийин жөн отура бербей кол өнөрчүлүк менен алектенип жатам. Алдыга койгон максатым — кол өнөрчүлүктү жайылтуу. Кыз-келиндерибиз үйдө отура бербей иштешсе, кызыгышса деген оюм бар.

Пример HTML-страницы

Жолдошум экөөбүз 4 баланы тарбиялап өстүрдүк. Алар да өздөрүнчө турмуш куруп, азыр неберелерим бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️