Папандагы сууну кечинде коё берип жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу районундагы Папан суу сактагынчында суунун көлөмү адаттагыдан көп болгондуктан суу кечинде кое берилип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шарымканов билдирди.

Кечээ, 15-июль күнү Министерлер кабинетинин төрөгасы Акылбек Жапаров Ош шаарындагы борбордук базарда эл менен жолугушуу учурунда ага селде агып кеткен аялын издеп жүргөн адам жардам сурап кайрылган болчу. Ал аялын таап алганча, издөө иштери аяктаганга чейин каналдагы суулардын деңгээлин азайтып турууну суранган.

Акылбек Жапаров Папан суу сактагычында суунун көлөмү көбөйүп кеткендиктен агып чыккан сууну токтотуп тутурууга мүмкүн болбой жатканын айткан.

«Мен азыр Папан суу сактагычын карап келдим. 204 млн куб метр болуп кетиптир. Долбоору боюнча 240 миллион кубга чейин суу батат экен. Андан бери канча жыл өттү. 204-210 куб менен дээрлик толуп калат. Бирок биз аракет кылабыз. Сабыр кылыңыз», — деген Акылбек Жапаров.

Пример HTML-страницы

Ал эми Папан суу сактагычынын директору Курсан Тиленбай уулу Turmush басылмасына билдиргендей, суу сактагычтын сыйымдуулугу 240 млн кубга ыңгайлашкан. Бүгүн, 16-июлга карата 208 млн куб метр суу бар.

«Суу адаттан тыш көп чогулганы үчүн кечинде азыраак көлөмдө суу кое берилүүдө. Сел болгон күнү суу сактагычты жаап турганбыз», — деди ал.

  • Папан суу сактагычы 1985-жылы пайдаланууга берилген. Ал Кептер капчыгайында, Ак-Буура суусунун нугуна курулган. Ош шаарынан 16 чакырым алыста жайгашып, бир нече айылдарды жана Ош шаарын суу менен камсыз кылат.

ӨКМ бүгүн, 16-июлда Ош шаарында селден кийин дайынсыз жоголгон аялды издөө иштери улантылып жатканын кабарлады.

Маалыматка караганда, 143 куткаруучу Ош шаарынын борбордук базарында издөө иштерин жүргүзүп жатат. Жалпы 5 адам изделип, анын төртөө табылган болчу. Учурда 1985-жылы туулган Б.А. аттуу аял изделүүдө. Куткаруучулар 10 топко бөлүнүп, Ош шаарынын борбордук базарынан баштап, Ак-Буура дарыясынын Өзбекстанга чейинки аралыгында издөө ишин жүргүзүшөт.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун айтымында, издөө иштери саат 07:00дө башталды. Селден кийин дайынсыз жоголгон жарандардын бири табыла элек. Ал базардан сууга агып кеткен. Издөө иштери окуя болгон жерден, тактап айтканда борбордук базардан башталды.

———————————————

2024-жылдын 14-июлунда тоолордон аккан сел Ош шаарын жана Кара-Суу районунун каптады.

Ак-Буура дарыясынын суусу нугунан ашып кетти. Жергиликтүү тургундар көп жылдардан бери дарыядагы суу мынчалык көбөйбөгөнүн айтышты. Сел Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу жайынан, Озгур айылындагы «Борубай-Ата» эс алуу жайынан түшкөн. Бул учурда ал жерлерде эс алуучулар болгон.

Куткаруучулар адамдарды эвакуациялай башташкан. Сел 5 адамды (2 аял, 3 кыз) агызып кеткен. Алардын ичинен 7 жаштагы кыздын сөөгү 14-июлда Өзбекстандын аймагынан табылды.

Ошондой эле 15-июлда саат 11:30да Ак-Буура дарясынан (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей) аял кишинин жансыз денесин табышты. Ал 1980-жылы туулган Н.Д. аттуу аял (селге аккан кыздардын апасы) экени аныкталды.

Ошондой эле 15-июлда дагы эки кыздын сөөгү табылды. Алар эже-сиңди — 2005-жылы туулган Н.М. жана 2014-жылы туулган Н.М.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️