Панфиловдук жаш таланттар «Манас таануу» телетаймашында баш байгени багындырышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районундагы «Алтын уя» балдар бакчасынын жаш таланттары республикалык «Манас таануу» телетаймашында баш байгени багындырышты. Бул тууралуу балдар бакчасынын башчысы Рахат Тентимишева билдирди.

Маалым болгондой, мектепке чейинки мекемелер арасында республикалык «Манас таануу» телетаймашы 7-июлда жыйынтыкталып, баш байге Панфилов районундагы «Алтын уя» балдар бакчасына ыйгарылган.

«Чүйдөгү Казакстан менен чектешкен Күрпүлдөк айылында жашайбыз. Андагы «Алтын уя» балдар бакчасында 104 бала тарбияланат. Телетаймашта «Көкжал» командасы саламдашуу (эпостон алынып, коюлган аттын негизинде), коюлум (берилген тема боюнча сцена көрсөтүү, улуу баян (берилген темада «Манас» эпосунан үзүндү айтуу) жана «Билесиңби?» (берилген 10 суроого жооп берүү) бөлүмдөрү боюнча райондон, облустан жеңүүчү аталып, республикалык турда ат салышты. Натыйжада баш байгени багындырып кубок, ноутбук, түстүү принтер жана ардак грамоталар менен сыйланышты», — дейт балдар бакчасынын башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️