Панфиловдогу ата-энелер бала бакчага 95 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районунда караштуу Эфиронос айылында ата-энелер балдар бакчасына 94 296 сомго материалдык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу «Эфиронос» балдар бакчасынын директору Нурийла Кочербаева билдирди.

Анын айтымында, айылдын аты берилген балдар бакчасы Курама айыл аймагында жайгашкан.

«Бардык шарттары түзүлгөн, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн балдар бакчабыздын имараты өткөн жылдары ачылган. Анда 3 тайпада 57 бала тарбияланууда. Мындан ары да инфратүзүмүн жакшыртуу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында жергиликтүү бийлик, коомчулук жана ата- энелер тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп келет. Жакында эле ата-энелер 94 296 миң сомго айнек парда, чаң соргуч, түстүү принтер жана күндөлүк турмушта керектелүүчү эмеректерди алып беришти. Бакчабыз жаркырап эле калды. Биз аларга ыраазычылык билдиребиз», — деди директор.

Ал өз сөзүндө Курама айыл өкмөтү тарабынан бакчага ефротосмо курулганын жана таманташ да коюла турганы мерчемделгенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️