Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Панфиловдогу 100 үй-бүлөгө акысыз азык-түлүк таратылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 18-мартта Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу 2 айыл аймакта жашаган 100 үй-бүлөгө бекер азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондогу Фрунзе жана Курама айыл аймагында жашаган жалгыз бой энелерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, улгайган атуулдарга, аз камсыз болгон жана калктын аярлуу катмарындагы 100 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди. Бул демилге Нооруз майрамына жана Рамазан айына карата демөөрчүлөр тарабынан ишке ашырылды.

Фрунзе айыл аймагындагы Чалдыбар айылынын тургуну, жалгыз бой эне Равшан Паташованын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 3 баласы бар. Ага ун, май, шекер, таттуулар жана башка азык-түлүктөр берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE