Панфиловдо Эл аралык карылар күнүнө карата ардактуу ардагерлерге наамдар тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Чүй облусунун Панфилов районундагы ардагерлерди сыйлоо аземи болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарада райондун акими куттуктоо сөз сүйлөп, карыяларга сый тамак уюштурулуп, маданият кызматкерлери өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Күрүлдөк айылынын 75 жаштагы тургуну, куралдуу күчтөр жана оорукта эмгектенген, ардагерлер кеңешинин төрагасы Курманкалый Орозовго «Панфилов районунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Ошондой эле Курама айыл аймагына караштуу Жайылма айылынын 85 жаштагы тургуну, баатыр эне Айнабүбү Кадыркуловага райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы тапшырылды. Дагы бир нече карыларга ыраазычылык кат берилди.

«Баатыр эне» Айнабүбү Кадыркулова 12 баланы тарбиялап өстүргөн.

«Учурда мөмөлүү дарактаймын. Өмүр бою кызылча жана башка жумуштарда эмгектендим. 80ден ашуун небере, чөбөрөлөрүм, 32 кыбыра, 3 тыбырам бар. Бактылуу карылыктын доорун сүрүп жатам», — деди ал.

Пример HTML-страницы

1-октябрь — Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.

Карылар күнүн белгилөөнүн максаты – дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️