Пример HTML-страницы

Панфиловдо айылдагы беттешүүдө кайыңдылык футболчулар жеңишке жетишти

Акыркы жанылыктар

TurmushДен соолукту жана ынтымактыкты чыңдоо максатында өткөн Чүй облусунун Панфилов районундагы спорттук беттешүүдө кайыңдылык жаш спортчулар байгелүү орундарды багындырышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара Курама айыл аймагында өткөн.

«Шаарыбызда 3 жалпы билим берүү орто мектеп бар. Жаш спортчуларыбыз райондук ар түрдүү спорттук иш-чараларда байгелүү орундарды багынтып келет. Жайкы каникул алдындагы жыйынтыктоочу футболдук беттешүүдө К.Сулайманова атындагы №2 Кайыңды мектеп-гимназиясы 1-орунду, ал эми В.В.Казаченко атындагы №1 Кайыңды 1 мектеп-гимназиясынын жаш футболчулары 2-орунду багындырды. Ошентип, шаардагы 2 мектебибиз байгелүү болушту», — деп билдиришти мэриядан.

Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Эленора Насирова 3-орунга Вознесеновка жалпы билим берүү орто мектеби жетишкенин жана бардык жеңүүлөр ардак грамота, кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE