Панфилов районунда милициянын аймактык пункту ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 11-ноябрда Панфилов районунун Курама айыл аймагына караштуу Панфилов айылында милициянын аймактык пункту ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, ага жергиликтүү бюджеттен 760 миң сом каржыланган. Ачылыш аземине президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исманов, райондун акими Бекмаат Масаидов, прокурор Азамат Каримов, айыл өкмөт башчылыры, милиция кызматкерлери катышты.

Ошондой эле, салтанатта райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын полковниги Талгар Мамбетказиев тартип сакчылары менен тыгыз кызматташтыкта иштегендиги үчүн Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн башчысы Тимур Акбаровго КРнын ички иштер министрлигинин «Колдоо көрсөткөндүгү үчүн» медалын жана Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Эрназар Нурмухамедовго ардак грамотасын тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️