Панфилов районунда медицина кызматкерлеринин жоопкерчилиги күчөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районунда саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин 8 айлык жыйынтыгы чыгарылып, ак халатчандардын жоопкерчилиги күчөтүлдү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйынга райондун акими Бекмаат Масаидов, ак халатчандар жана башка тиешелүү жетекчилер катышты.

«Үстүбүздөгү жылдын 30-августунда министр Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда 164 миллион сомго капиталдык оңдоо-түзөөдөн өткөн 4 кабаттуу жалпы дарыгерлер практикалык борбору ачылган. Анда министр 8 дарыгер жакын арада келе турганын айткан. Бирок, бүгүнкү күндө 3 гана дарыгер келген. Демек, көп жылдан бери көйгөй жараткан материалдык-техникалык база чечилгени менен кадр маселеси курч бойдон калууда. Маселен, райондо 1 жалпы дарыгерлер практикалык борбору, 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 11 фап бар. Анда курамы 10го жакын жаш адистерди түзгөн 37 дарыгер, 129 медайым эмгектенет. Жыйында кадр маселеси, жарандардын кайрылууларын ыкчам кабыл алуу, тез жардам кызматынын ишин жакшы жолго коюу, коррупцияга каршы күрөшүү, айлана-чөйрөнүнүн тазалыгын сактоо жана башка маселелер талкууланып, ак халатчандардын жоопкерчилиги күчөтүлдү», — дешти акимияттан.

Буга чейин райондо дарыгерлер жетишпей жатканы күн тартибине коюлуп келген.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️