Панфилов районунда балдардын «Улар үнү» фестивалы өттү

TurmushПанфилов районунда жаш таланттардын «Улар үнү» фестивалы өтүп, ага катышкан 250 балага акысыз суусундуктар таркатылды. Бул тууралуу «Башат» жаш өспүрүмдөр чыгармачылык билим берүү мекемесинин усулчусу Мыскал Алымбаева билдирди.

«Өлкө башчысынын 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы жөнүндөгү жарлыгын турмушка ашыруу максатында райондо «Улар үнү» аттуу фестиваль өткөрдүк. Ага райондун жетекчилери, ардагерлер, ата-энелер, мугалимдер жана 250 бала катышты. Иш-чарада ата мекен, жаратылыш жөнүндө патриоттук ырлар жаңырып, ар бир бала өз чеберчилигин көрсөтө алды. 250 балага акысыз суусундуктар, балмуздак таркатылды», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️