Пример HTML-страницы

Панфилов районунда 2 бүтүрүүчү ноутбук жана сыналгы менен сыйланды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Панфилов районунда «Алтын тамга» аттестатына ээ болгон бүтүрүүчүлөр Нурзада Исаева менен Милура Токторова ноутбук жана сыналгы менен сыйланды. Алардын окуучулук күндөрү жана келечек максаттары менен аймактык кабарчы таанышты.

Райондо 2023- 2024-окуу жылында 11-классты 797, анын ичинен Кайыңды шаарынан 266 бүтүрүүчү и аяктады.

«Мен Кайыңды шаарынын 17 жаштагы тургунумун. Шаарыбыздагы К.Сулайманова атындагы мектеп-гимназиясын «Алтын тамга» артыкчылык аттестаты менен аяктадым. Бул мен, ата-энем, эжем Айгерим, сиңдим Уулжан жана мугалимдерим үчүн чоң сыймык болду. Шаарыбыздын мэри Эрнур Жумабаев ноутбук жана райондук билим берүү бөлүмү сыналгы менен сыйлады. Аларга ыраазычылык билдирем.

Эсимде, 9-класска чейин келечекте мугалим болом дечүмүн. Апам мугалим болгон соң, ошого таасирленген окшойм. Кийин 10-класста окуп жүргөндө оюм түп тамырынан өзгөрдү. Негедир дарыгерлик кесипти тандап, ошол багытта ой жүгүртө баштадым. Эми буюрса, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиядан билим алып, белгилүү дарыгер болууну пландап жатам.

Баса, менде көп талант бар. 14 жашыма чейин музыкалык мектептин хореография бөлүмүнөн билим алдым. Жакшы бийлейм. Кезинде диплом менен да сыйлангам. Ошондой эле даамдуу тамак, торттун түрлөрүн жасап, көпчүлүктү таң калтырам. Акыркы коңгуроо салтанатында биринчи мугалимибиз, учурда чет өлкөдө жашап жаткан Кондратенко Роза Яцимовна бизге онлайн куттуктоо жөнөтүптүр. Аны угуп, сагынычтан көзүбүздөн жаш алдык», — деди Нурзада Исаева.

Ал эми Камчыбек Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк орто мектебинин бүтүрүүчүсү, «Алтын тамганын» ээси, өзгөчө ысымдуу Милура Токторова: «Биз Казакстан менен чектешкен аймакта жашайбыз. Кадимки эле элеттик кыздардай айыл турмушун өздөштүргөм. «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болдум. Ага жетүү үчүн көп жылдар бою даярданып келгем. Мени айыл өкмөтү ноутбук жана райондук билим берүү бөлүмү сыналгы менен сыйлады. Баарына таазим. Эми буюрса, эл аралык мамилелер факультетинен билим алып, дипломат болууну пландап жатам. Бош убакта комузда кол ойнотуп, күүлөрдү жаңыртам», — деди.

———

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарынан – 68 окуучу,

Чүй облусунан – 20 окуучу,

Ош облусунан – 17 окуучу,

Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,

Баткен облусунан – 9 окуучу,

Талас облусунан – 8 окуучу,

Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,

Нарын облусунан – 6 окуучу,

Ош шаарынан – 6 окуучу.

Тестирлөө 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер «Алтын тамга» тестин 4 предмет боюнча тапшырышты — математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия .

«Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түштү.

Былтыр «Алтын тамга» аттестатына 167 бүтүрүүчү ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE