Панфилов мөңгүсүндөгү өзгөчө көрүнүштү видеого тартып алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусундагы Панфилов мөңгүсү быйыл тездик менен ээрип жатат. Бул тууралуу гляциолог Гүлбара Оморова билдирди.

Анын айтымында, аталган мөңгү буга чейинки көрүнүшүнөн өзгөчөлүккө ээ болгон.

«Панфилова чокусунун боорундагы Панфилов мөңгүсү аябай тездик менен деградация болуп жаткан мөңгүлөрдүн арасына кошсок болот. Июндун аягы, саат 00:9-00:10до эле ээрип агып жатканын байкадык. Буга чейинки жылдарга салыштырмалуу бул мөңгүдө кар көп, бирок июнь айларында мынчалык тез ээрип акчу эмес», — деди ал.

Панфилов мөңгүсү Кыргыз кырка тоосунун түндүк капталында, Ала-Арча дарыясынын бассейнине караштуу Адыген капчыгайынын капталында, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Бишкек шаарынан 42 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

Пример HTML-страницы

Эски маалымат боюнча, Панфилов мөңгүсүнүн ачык бөлүгүнүн периметри 3173 метр, аянты 515730 чарчы метр.

Мөңгүнүн башталышы деңиз деңгээлинен 4223 метр бийиктиктеги кырка тоолордун түндүк капталдарында жайгашкан.

Бул мөңгү булактары Ала-Арча жана Жыламыш дарыяларынын ортосундагы суу бөлгүч болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️