Памирден көчүп келген кыргыздар Чоң-Алайда жаңы курулган үйлөргө кирип жашай башташты (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

Turmush30-август күнү Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында Кичи-Памирден көчүп этникалык кыргыздарга үйлөрдү тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шайырбек Жылдызбек уулу билдирди.

«Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан памирлик кыргыздарга 10 үй курулуп берилди. Жалпы 10 үйдүн тендерлик баасы 82 млн 955 миң сом. 1 үйдө 2 үй-бүлө жашай турган бөлөк-бөлөк бөлмөлөрү бар. 1 үйдүн аянты 150 квадрат метрди түзүп, 3 бөлмөлүү десек болот. Үйдүн ичинде жуунучу бөлмөсү, ажаткана салынган.

Кошумчалай кетсү нерсе, үйдүн тосмоолору жөнөкөй торлор курулуп калган болчу. Биз аны профильден кылып, бекем кылып бердик. Таза суу дагы каралган эмес эле, таза суу менен дагы камсыз кылып, тарттырып келдик. Азыр эми 11 үй-бүлөнү киргизишти», — деди ал.

Үйлөрдү «Олимп и Ко» ЖЧКсы курду. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Олимп и Ко» ЖЧКнын жетекчиси — Омаров Куштарбек Калмаматович. Компания 2022-жылы 14-февралда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️