Памирбек Осмонов Балыкчы шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгын жетектеди

Акыркы жанылыктар

TurmushБалыкчы шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп Памирбек Осмонов дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев кол койду.

Буга чейин Балыкчы шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп Жайырбек уулу Улукбек иштеп келген. Ал ээлеген кызматын өз каалоосу менен бошоткон.

Осмонов Памирбек Амантурович 1990-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылында туулган.

Билими:

— 2008-2014-жылдары Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде (КМКТАУ) турак жай жана коомдук имараттардын архитектору адистиги боюнча окуган;

Пример HTML-страницы

— 2014-2016-жылдары Томск политехникалык университетинин магистратура болүмүндө билим алган.

Эмгек жолу:

— 03.07.2017-02.03.2020 — «Арх Модель» архитектуралык курулуш компаниясында архитектор;

— 14.07.2021-24.03.2023 — Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын шаар куруу жана архитектура кызматында бөлүм башчы;

2023-жылдын 24-мартынан тарта Түп райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында бөлүм башчы болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️