Өзгөндөгү «Достук» паркы 21,3 млн сомго оңдолууда. Калаа башчысы жаш дарактар эмне үчүн кыйылганын түшүндүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн шаарында жайгашкан Кыргыз-түрк «Достук» паркында жаш көчөттөр кыйылып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар бирдирди.

Жашоочулар жаш көчөттөрдү кыйбал эле оңдоо иштерин жүргүзсө болот деген пикирде.

Ал эми Өзгөн шаарынын мэри Залкар Каримов Turmush басылмасына берген комментарийинде долбоордун негизинде тротуарга туура келген көчөттөр кыйылып жатканын билдирди.

«Бул эс алуу багын мурун жеке ишкер ижарага алып иштетип келген. Бактын ичиндеги аттракциондору каалагандай бузуп, короолорун кааласа ачып, каалса жаап жүргөн экен. Эми паркты өзүбүзгө өткөрүп, оңдоп жатабыз. Ал жердеги дарактар кыйылса кыйылып жаткандыр. Чоң дарактар кыйылган эмес, дарактардын 100%ы кыйылып жатат деген жери жок. Болгону кара жыгач дарактардын уруктарынан, тамырынан бөлүнүп өсүп калган жаш дарактар тазаланып жатат. Биз долбоорго карап иш алып барып жатабыз. Жаш дарактар, көчөттөр өскөн жерге жол же болбосо оргума курулушу мүмкүн. Жаш дарак экен деп аны кыйбай, тротуар курулса, кийин ал чоңоюп, жолду бузуп өсүшү мүмкүн. Бул бакты оңдоп-түзөөгө облустук өнүктүрүү, райондук өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү фонддон каражат каралган. Тендердик баасы 21 млн 301 миң сомду түзөт. Оңдоо иштери 2025-жылдын март же май айында бүтүп калат», — деди Каримов.

Өзгөн шаарынын борбордук «Достук» (Кыргыз-түрк) паркы Ленин көчөсүндө жайгашкан. 2012-жылы Түркия тарабынан «Боордош шаар» программасынын алкагында курулган. Жергиликтүү бюджеттен 6 айдын жыйынтыгы менен 2,5 млн сом, райондук өнүктүрүү фондунан 5 млн сом, облустук өнүктүрүү фондунан 5 млн сом бөлүндү. Дагы каражат каралат.

Пример HTML-страницы

Реконструкциялоо иштери боюнча жарыяланган тендерден «БАЙЕЛ» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «БАЙЕЛ» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Рысбеков Акбаралы Абдылдаевич. Компания 2017-жылы 9-мартта каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: адистештирилбеген дүң соода-сатык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️